- 2022-жыл кандай жыл болду? Өнүмдүү жыл болдубу?
- 2022- жыл жакшы жыл болду. Тагыраагы, мугалимдердин, врачтардын, социалдык тармактагылардын, аскер жана милиция кызматкерлеринин айлыгы көбөйдү. Ага катар пенсия көбөйдү. Маданиятка көңүл бурула баштады. Ошондой эле, кыска убакытта Бишкектеги заманбап 15 мектептин бүтүп, колдонууга берилгени кубандырды. Негизинен бийлик жакшы иштеп жатат, жылыштар бар...
- Өзүңүз үчүн жолборс жыл кандай жыл болду?
-Өзүм жөнүндө айтсам, ушул жылы Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында көргөзмөм ачылды. Көптөн бери ачсам деген кыялым ишке ашты. Сентябрь айында наам алдым. Эмгегим бааланды. Жолборс жылы мен үчүн жакшы жыл болду. Негизи эле жеке өзүмдүн чыгармачылык өмүр жолумда жолборс жылы жолдуу болору өзүмө белгилүү...