Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 284

- Сонунбү эже, өтүп бараткан жыл өлкө үчүн кандай жылдардан болду деп ойлойсуз?

- 2022- жыл өлкөбүздүн тарыхында кызыктуу окуялары менен кала тургандай кызмат кылды. Шүгүр дейли. Жыл аягына жете келдик. Жаманынан жакшысы, бөксөсүнөн толтурасы көп болду. Баткендеги окуя элдин кабыргасын кайыштырып, оор жоготуусу менен баарыбызды алсыратты. Бирок ошондогу элдин деми, ынтымагы, бири-биринин башын жөлөгөн ысык мээрими жакшылыктан кабар берип, жашыбызды аарчыды. Мындай эл эч убакта жоголбойт. Эч убакта жер карабайт. Жамандыкты жакшылыкка буруп жиберген элдин жигеринен айланса аз.  Аалам тамшанып, ыраазы болуп турду. Бул биздин ушул жылдагы ачуу сүйүнүчүбүз болду. Ачуу дегеним, эр-азамат уулдарыбыздан айрылдык. Сүйүнүч дегеним, жигиттердин баатырдыгы, элдин ынтымагы. Биз ошентип эл экенибизди, эл болгондо да жөн эл эмес экенибизди дүйнөгө билдирип алдык. Эл биз менен эсептеше баштады. Мына, ошондон кийин Кыргыз өлкөсүнө кызыккандар, бизди жакындан билгиси келгендер көбөйдү. Ошондой учурда президентибиз элдин жүзү катары сынга коюлат эмеспи. Сындаса сындан тайманбай татыктуу өтө турган чыныгы элдик лидер экенине да сыймыктансак болот. Сөзүнөн адашпай теңме-тең, кенен бой керип, баш көтөрүп сүйлөгөнүнүн өзү эле канчалык дем. Аракка  мээси ууланып, эске тутуусу начарлап калган чал эмес. Сергек жана шайдоот. Көзүнөн оту жанып турат. Муну көргөн дүйнө лидерлери кыргызга жөн киши келбептир деп калары шексиз. БУУнун бийик трибунасынан кыргызча  доклад окуганы эле көп нерсени айтып турат. Андан сырткары президенттин өз демилгеси менен Биринчи Элдик Курултай өткөнү өтө  чоң резонанс жаратты. Садыр Нургожоевич  максатына жетти. Себеби, ал курултайды баштаардын алдында: " Мен жыл сайын журналисттердин алдында пресс -конференция берүү максатына жетпей турганына көзүм жетти. Журналисттердин суроолору ушактын айланасынан чыкпайт экен. Ошондуктан, элдик курултайда эл менен байланышып, элдин суроо-талабын угам", -деген.Эң сонун болду. Баары ыраазы болушту. Эл арасындагы көралбастардын  күбүр-шыбыр сөзү суу сепкендей өчтү.

Андан сырткары көптөгөн  мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасы көбөйдү. Пенсия көбөйдү. Ушул эле жылы башталган мектептер ушул эле жылы пайдаланууга берилгени да кубанарлык. Иштесе болот экен го. Уйкусурабай. Бирок дагы деле  эскиден калган уйкусурагандар көп тоскоол болуп жатат. Болбосо мындан да көп иштер бүтмөк. Аянтта жаңы жылдык балаты  жасалгаланып коюлуптур. Карап көзүм кубанды. Ар бир бутагы жыш оюнчук. Бул - кымбат жасалды дегендик эмес, бул - бөлүнгөн  акча толук бойдон өз максатына иштетилди дегендик.

- Келе жаткан жылда Кыргызстан үчүн кандай тилектерди арнайсыз?

- Жаңы жылга ишеничим жакшы. Себеби, иш эми башталды. Алдыда дагы көп иш пландар, биз билбеген жакшы сюрприздер тургандыр деп боолголоп жатам. Анткени, президентибиз жасала элек ишти көп айтпайт экен. Бүткөндөн кийин эле  билип калып жатабыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы болот баары. Быйылкы жылы көп мамлекеттер менен алака түзүлүп, көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Мына, ошолордун жемишин эми 2023-жылы көрөбүз, буйруса. Анан эми жаңы-жыл алдында президентибизден  бир белек сурагым келип турат. КТРК кызматкерлерине деле үй куруп берип койсо деп кыялданып жатам. Кыялдар албетте, ушундай элдик президент турганда орундалат. Мен ишенем.  Келе жаткан жыл өзү да бирөөгө жамандыгы жок  тынымсыз төлдөп турган сүйкүмдүү жаныбар экен. Ылайым  ырыс-дөөлөт, жакшылык коёндой  көбөйүп, корообуз малга толсун, үйүбүз башка толсун, казаныбыз ашка толсун.