- Эрнест мырза, бийликтин бул жылдагы иш-аракетине кандай баа бересиз?
- 2022-жылдагы мени кубанткан окуя бул - эгемендүү болгондон бери чечилбеген чек ара чечилип жатат. Өзбекстан менен чечилип, Тажикстан менен дипломатиялык сүйлөшүүлөр башталды. Эмки жылы Тажикистан менен чек арабызга чекитти койсок - ошондо биз суверенитетибизди бекемдеп алабыз деп эсептейм. Буга чейин бир дагы өлкө башчы чечпеген чек араны Садыр Жапаров чечип жатат. Элдин турмушу жакшы жагына өзгөртүү үчүн өкмөт бүт аракетин инфляция деп коюп жатат. Жалпы-жонунан бийликтин бул жылдагы иш аракетине жакшы баа берем. Бирок натыйжасы төмөн. Анткени, биз эски, 30 жылда экономиканы, мамлекеттик түзүлүштү талкалаган либералдык каржы -экономикалык системадан чыккан жокпуз. Тешик чаканы күчкө салып суу толтурсак, аягында чака бош калат.
- Саясий, социалдык-экономикалык багытта келе жаткан жыл кандай болот деп ойлойсуз?
- 2023 –жылда Кыргызстандын саясий, социалдык-экономикалык абалы жеңил болбойт. Өзүңөр билгендей, дүйнө жүзү структуралык кризиске алынып, дагы 10 жыл жалпы экономика түшөт. Чөгүп бараткан "Титаникте" өнүгөбүз деген - абсурд. Башка кайыкка, кемеге өтүшүбүз керек. Тышкы саясатты туура жүргүзсөк - күйүүчү май арзандайт, демек, жол кире көтөрүлбөйт. Реалдуу классикалык политэкономиканын закондору менен иштесек - экономикага арзан энергоресурстарды берип, демек, арзан конкиреттүү товар чыгарып кошумча баа аркылуу экономикабызды өнүктүрөбүз. Өзүбүздү багабыз. Суроо-талап керек болсо - жаныбызда 1,5 миллиард эли бар Кытай турат. Демек, энерготарифти көтөрбөй, төмөндөткөн саясат жүргүзүшүбүз керек. Азыр элдин камы каралып атат, натыйжасы - кризис жокко чыгарууда.
Курултайды даңазалап жүрдүк эле - курултайды өткөрүштү. Көп эле жакшы иштер жасалып атат. Бирок фундаменталдуу өзгөрүүлөргө барыш керек. Калкка өнүгүү-өсүү жолду көрсөтүп, өзүбүздү бага турган экономика моделин түзүп өтүшүбүз керек. Эмне болбосун, мекенибизди, мамлекетибизди бекемдегенге өлкө башчысына колдон келген көмөгүбүздү көрсөтөлү. Мекен - энедей, бардыгыбызга бир! Алдыда көп сыноо турат, биригип ынтымакта болуп чоогуу суверинетибизди түптөйлү. Келе жаткан коен жылы кыргызтандыктарга тынчтык жылы болсун.