Депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында абактагы активисттердин маселесин көтөрдү.
"28 адам түрмөдө мыйзамсыз отурушат. Дарыгерлер эки кызыбыздын акыбалын текшеришти, алардын ден соолугу коркунучта. Эки кызыбыз начарлап баратат. Бирок депутаттар бул тууралуу унчугушпайт дагы, бюджетти кабыл алууну сунуштап жатышат. Бул бизге эч нерсе бербейт. 28 үй-бүлө санааркап турат, биз мында жылуу жерде отуруп алып, мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Кудум эле террористтерди кармагандай. Эгер бийлик беш аялдан калтырап корксо, анда бул бийликке түкүрдүм. Бул бийликти биздин укугубузду коргой албайт", - деди ал.
Эске салсак, Кемпир-Абадды шылтоо кылып башаламандык уюштурууга аракеттенгени үчүн кармалган, өздөрүн жарандык активисттер деп атап алган адамдар дүңүнөн ооруп башташты. Бири баш коргоо чарасы каралып жаткан сот процесси учурунда өзүн жаман сезди. Экинчиси СИЗОдо "шашылыш" ооруп баштады ж.б.
Бир четинен түшүнүктүү: СИЗО - бул курорт эмес. Бирок башка жагынан алганда, аларды эч ким саясий күрөшкө кошулууга мажбурлаган жок. Өздөрүн акыйкаттык үчүн тайманбаган жоокер катары жарыялаштыбы - ага татыктуу болушсун да!
Мадумаровдун бүгүнкү билдирүүсүнө келе турган болсок, ал дагы деле өз репертуарында - театралдаштырылган билдирүүлөрүн мүмкүнчүлүктү куру кетирбей жасап турат.
Буга байланыштуу депутатка бир аз өзүн кармай жүрүүгө кеңеш бергиң келет. Активисттер үчүн жүрөгү ооруп жаткан болсо, анда эмнеге сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө колдобойт. Анын үстүнө алардын бири өзүнүн ишенимдүү багытташы эмеспи. Мисалы, кошулуп ачкачылык жарыяласын, суукта күнү бою көчөдө туруп, колдоо митингге чыксын.
Ал эми "түкүргөнүнө" келсек, Мадумаров дагы ушул бийликтин бир бөлүгү. Жогорку Кеңеш бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы экени маалым. Ошондо, бийликке түкүргөнү өзүнө, парламенттештерине түкүргөнү болуп калбайбы. А эгер депутаттарды эл шайлай турганын эске салсак, анда жыйынтык белгилүү болот. Андай болсо, Мадумаров депутаттык мандатын тапшырып эле салбайбы. Буга эрки жетеби? Сөзү менен иши кайчы болбой, бирин бири толуктап турганы жакшы эмеспи.
Булак: vb.kg