- Жыл жыйынтыктоо алдында турабыз. Бийликтин бул жылдагы иш аракетине кандай баа бересиз?

- 2022-  жылдын сүйүнүчтүү окуясы - Курултайдын орношу. Чек ара маселесин чыңдоо катарында оор техника, Байрактар, тик  учактардын сатылып алынышы.

- Ал эми келе жаткан жылдан эмнени күтүп жатасыз?

- 2023 - жылы кудай буюрса, өндүрүштөр ачылса, эл жумуш менен камсыз болсо, айлык, пенсия, пособиелер көбөйсө, кичи, чакан ГЭСтер ишке кирсе - көптөгөн жакшылыктар болот. Жаңы жылда жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун! Кудай колдосун! Кыргыздын жолу ачылсын! Өнүккөн Улуу Кыргыз Каганатындай өлкө бололу.