- Жамин агай,  жолборс жылын узатып, коён жылын тоскону турабыз. 2022-жылдагы кайсы окуя сизди сүйүнттү? Быйыл элдин турмушу жакшы жагына өзгөрдүбү? 

- 2022-жылы мени кубанткан окуя бул - Кумтөр алтын кенинин Кыргызстандын менчигине өткөндүгү болду. Ошентип, туп-туура 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан чоң көйгөй артта калды. Өкмөттүн азыркы милдети «кенди биротоло алдык» деп чалкалап жатып албай, Кумтөрдүн ишин натыйжалуу, пайдалуу жана ачык айкын алып кетиши керек. Бул ири кендеги алтын эми өлкөнүн өсүшүнө жана элибиздин турмуш деңгээлинин көтөрүлүшүнө арналышы зарыл. Бул багытта айрым жылыштар бар. Бирок тилекке каршы, жасалган аракеттин баарын «кымбатчылык» деген балакет жутуп коюп жатат. Аны болтурбаш үчүн керектелүүчү азык-түлүктү жана тийиштүү буюм-заттарды өзүбүздө өндүрүшүбүз керек. Ал үчүн бизде толук мүмкүнчүлүктөр бар. Жалпы жонунан алганда, бийликтин быйылкы жылдагы иш аракетине «жоон орто» деген баа берем.

- Келе жаткан жыл Кыргызстан үчүн кандай болот деген божомолуңуз бар?

- 2023-жыл Коён жылы болуп эсептелет. Кыргызда «Колго түшкөн коёнду коё бермек оңойбу?» деген лакап бар. Анын сыңарындай, келе жаткан жаңы жылды колубуздан чыгарып ийбей, улуттун кызыкчылыгы үчүн маңыздуу пайдаланышыбыз зарыл. Коёнду коркок жаныбар деп коюшат. Буга байланыштуу, 2023-жылы биздин бийлик өзүнүн тышкы жана ички саясатын жүргүзүүдө өтө сак болушу талапка ылайык. Коён ошондой эле жоош айбанаттардын катарына кирет. Демек, жаңы жылда сүйүктүү өлкөбүздө тынччылык өкүм сүрүп, туруктуулук камсыз болот деген ойдомун.