Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 423

Бизде Батыштын «акырынан» жем жегендер өздөрүнүн кызыкчылыктарына келгенде өзгөчө активдүү болушат. Жада калса аларга каршы мыйзам долбоорлору демилгеленсе, ага каршы туруу үчүн эмнелерди гана кылышпайт. Бул абал мында алардын кызыкчылыктары чоң экенин, көп нерселерди жоготуу, айыптары ачылуу коркунучтары бар экенин билдирет. ЖК депутаты Надира Нарматованын бейөкмөт уюмдардын ишмердигин, каржы булактарын, алган акчаларынын сарпталарын текшерүүгө алган «Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы бейөкмөтчүлөр, активисттер кайрадан каршылык көрсөтүшө башташты. Эмне үчүн алардын ишмердигин көзөмөлгө алуу маселеси көтөрүлсө эле безге сайгандай чочулап, айгай салышат?

Албетте, бейөкмөт уюмдардын чынында кандай максаттарга каражаттарды алып, кандай иштерге жумшап аткандыктарын өздөрү эле билбесе, көпчүлүккө белгисиз. Өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы иш кылыша тургандыктарын, чоң суммаларды алышарын ачыкка чыгарынан, Батыштан келчү жашылбайлардын токтоп каларынан коркушат. Ошол үчүн катуу каршылыктарды көрсөтүшүп, ал үчүн сөз эркиндигин, демократияны бетке кармашып, нааразылык акцияларынын бардык түрлөрүн жасоого даяр. Эгерде алынган каражаттар жакшы иштерге жумшалса, жашыра турган эч нерсе жок болгондо, аталган мыйзам долбоору менен иштери деле болмок эмес. 

Дегинкисинде, Надира Нарматованын мыйзам долбоору кабыл алынып, каржы булагы, бюджети, кылган иштери белгисиз, шектүү болгон бейөкмөт уюмдардын баары чет өлкөлүк агенттер катары таанылып, алардын иштери мамлекет тарабынан тескелип, көзөмөлгө алынышы зарыл. Ички, сырткы коопсуздугун ойлогон өлкөлөрдүн баарында ошондой. Бул чынында коопсуздук маселеси. Анын демократияга эч кандай тийешеси жок. Ошол эле АКШда, Батыштын демократиялуу өлкөлөрүндө сырттан каржыланган уюмдардын «өзүм билемдик» менен иш кылууларына таптакыр жол берилбейт. Баары мыйзам чегинде, ачык-айкын, мамлекеттин  көзөмөлүндө болушу керек. Андыктан Кыргызстанда да  өлкөнүн ички, сырткы коопсуздугуна, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтирчү «элементтер» катары бейөкмөт уюмдардын иштери мыйзам чегинде  тыкыр көзөмөлдө болушу кажет.