Президент Садыр Жапаров Катарга эмир шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен жөнөп кеткен. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. 

Айтымында, эки өлкө лидерлери акыркы убакта эки жолу жолугушуу өткөрүшкөн. Биринчи жолугушуу Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында, экинчиси Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин алкагында өткөн. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Катардын эмири президент Жапаровду жеке өзү Катарга, анын ичинде 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине чакырган.

Учурда Катарда дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнүн лидери ардактуу конок катары жүрөт.