Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 941

Кыргызстандын саясатында бир өнөкөт бар. Мыйзамсыз иштери, шайлоодогу мыйзам бузуулары үчүн үстүнө «кара булут» айланып баштаса, ага саясий түс берип, саясий ишмердигине байланыштырып, куугунтук көрүп аткан адам катары көрсөтө башташат. ЖК депутаты Өмүрбек Бакиров да өзүнүн шайлоодогу мыйзам бузууларын Кемпир-Абад маселесине байланыштырып, атүгүл өзүн бийлик үчүн «неудобный» депутат атап жиберди. 

Аныгында Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги эптеп-септеп сүйлөп койгон көп депутаттын бири. Бийлик үчүн «неудобный» болгудай саясий салмагы, таасири болбосо, же бир чоң фракциянын лидери, же радикалдуу оппозициячыл болбосо, кайсы арына өзүн салмактуу депутат, саясатчы сезип алган?  

«Неудобный» депутат болуп атам, Кемпир-Абад маселесинде  каршы добуш бердим, ошон үчүн мандатымды алганы жатышат» деди. Кемпир-Абад маселесинде жалгыз өзү каршы добуш берсе да башка кеп эле. Бир катар депутаттар каршы добуш беришти. Аларды мандаттан ажыратуу жөнүндө сөз деле жок. Дегинкисинде  Өмүрбек мырзанын мандат маселеси ачык бойдон эле келаткан. Анткени, ал шайлоодо одоно мыйзам бузууларга жол берип, добуштарды сатып алганын атаандаштары эле эмес, Көк-Жар шайлоо округунун  шайлоочулары айтып эле келишет. Аларды далилдеген фактылар деле жетишерлик. 

Өмүрбек мырзанын логикасына ылайык, «неудобный» депутаттарды мандаттан ажыратуу аракети болуп атса, анда Адахан Мадумаров баш болгон оппозициялык көз караштагы депутаттардын мандат маселелери каралмак. Андыктан мандатынан ажырагысы келбей, Кемпир-Абадды бетине кармап, саясат жасап, өзүн «неудобный», укмуш  сезип алган Өмүрбек мырза сот отурумдарында шайлоодо таза шайлангандыгын, добуштарды сатып албаганын далилдеп, мандатын сактоонун аракетин көрсүн. Анын мандатынын тагдырын бийлик чечпейт, сот гана чечет.