- Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммити Кыргызстан үчүн пайдалуу болдубу?

- Байкоомо караганда, биздин өлкө үчүн жемиштүү болду. Анткени, демократиялык өлкө куруп жатып, постсоветтик өлкөлөр менен дагы жакшы мамиледе болуу, бул өтө чоң жетишкендик. Саммит керек, чоң державалардын  жана эгемен өлкөлөрдүн арасында өз ордубузду тактап жана ошону менен бирге өз кызыкчылыктарыбызды туура пайдаланууга өбөлгө түзүү биз үчүн утуш.