- Турсунбай агай, ЕАЭСтин саммити Кыргызстанда старт алды. Өзбекстан менен чек аранын чечилиши, Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышы бийликтин иши илгерилеп жатканынан кабар береби?
- Президент Садыр Жапаров Конституцияга ылайык, тышкы саясатты улуттук кызыкчылыктарга таянып жүргүзгөнгө аракет жасап жатат.
Ооба, Өзбекстан менен чек ара маселелери чечилгени, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдө Путиндин кийлигишүүсүнө карабай жана ОДКБда акыркы жолу ажобуз көз карандысыз мүнөзүн көрсөткөнү - эң туура саясий кадамдар.
Ошол эле кезде келечеги белгисиз ЕАЭСке өтө эле ишенип албай, эл аралык экономикалык байланыштарды издөө - президентибиздин эң туура экономикалык саясаты! Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 2023-жылдан баштап ишке реалдуу ашышы - экономикабызга эң жакшы өбөлгө түзөөрүнө ишенемин. Араб өлкөлөр жана Туркия менен экономикалык байланыштардын өсүшү да - эң жакшы көрүнүш. Ошонун катарында атайын Кыргыз-Венгрия, Кыргыз-Өзбек жана у.с. инвестициялык фонддордун түзүлүшү кубандырбай койбойт.
Бир сөз менен айтканда, бир гана тышкы саясатта көп багыттык байланыштарды колдонбой, экономикалык кызматташууларда да көп багыттык байланышууларды күчөтүшүбүз зарыл.