Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 317

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунун алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин ар бирин — Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди тосуп алды.

 

Кол алышуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар курамдагы жыйыны өтүүчү залга өтүштү.