Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациянын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.