Кыргызстандын саясатында тилекке каршы, конструктивдүү сын деген жоголуп баратат. Президенткеби, өкмөт башчыгабы, ЖК төрагасынабы, конструктивдүү, туура сынга караганда эптеп эле каралоо, элге жаман көрсөтүү, «жумурткадан кыр чыгаруу» көрүнүштөрү күчөп кетти. Эч кандай себеп, негиз жок болсо да, жадагалса сөз кылууга арзыбай турган жагдайды да көбүртүп, жабыртуу жаман адатка айланды. ЖК төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркияга болгон иш сапарындагы бир жагдай боюнча да ушундай эле көрүнүш болууда.
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев түркиялык кесиптеши менен аэропорттун атайын залында эле капыл тапыл абалда жолугушуп, чай кайнам убакытка баарлашыптыр. Эптеп эле сындамай, шыбамайды милдетине айландырып алган кээ бирлер анын бутун учкаштырып олтурганын сындаганга өтүштү. Чындап келгенде, ал жерде сөз кыларлык эч нерсе жок. Бул «бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун» жеткен чеги! Майдалангандык, кылдан кыйкым издөөчүлүк. Эл аралык жолугушууларда Нурланбек Шакиевдей абалда олтургандар жетишерлик эле болот. Бирок ага эч ким көңүл да бурбайт, ал жөнүндө сөз да кылышпайт. Анын үстүнө ал жерде этикага, маданиятка же протоколго каршы келерлик эч нерсе жок. Анткени, кыргыз-түрк парламенттик достук тобунун жетекчиси Сабри Озтурк менен жолугушууда расмийлик жок, бейрасмий жолугушуу. Ошол эле мезгилде анын башындагы кыргыздын ак калпагы жөнүндө бир жакшы сөз айтканга жарашпады. Деги жакшыдан жаманды издөө адаты качан токтойт?
Эмнеге анын ЖК төрагасы катары ЖК жыйындарын эмоцияга, ачууга алдырбай олуттуу алып барып атканын, орчундуу маселелерди көтөрүп, ЖКнын регламентин так сактап, тартипти камсыз кылып жатканын, ар кандай жолугушууларды, иш сапарларды жогорку деңгээлде жүргүзүп жатканын айтпайбыз?
Айрымдарга жагабы, жокпу, бирок бир чындыкты айтып кетсек, Нурланбек Шакиев өзүнө чейинки төрагалардан билими, тажрыйбасы, даярдыгы боюнча кыйла жогору турат. Саясий маданият, этикет, моралдык-нравалык баалуулуктардан түшүнүгү бар инсан. Саясаттагы тажрыйбасы да мол. Андыктан ага карата жүргүзүлүп жаткан каралоо кампаниясын кандайдыр топтордун, же күчтөрдүн иш-аракеттери деп түшүнгөнүбүз оң. Бирок каралоо, негатив деле конструктивдүү сынга, факты, аргументтерге негизделиши керек да.