Кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча келишимди колдоп беришти. Бул боюнча учурда катуу талкуу болууда. Экс-депутат Тойгонбек Калматов келишим туура нукта түзүлдү деп эсептейт.
"Кээ бир депутаттар кыргыз-өзбек чек арасын чечүүгө мораторий жарыялап, кийинкиге жылдырууну сунушташты. Мейли, жылдыралы. Андан эмнени утабыз? Абсолюттуу түрдө эч нерсе утпайбыз. Өзбекстан Кемпир-Абадды 60 жылдан бери пайдаланып келатабы? Мындан ары да пайдалана берет. Кыргызстан ага жакындай албайт, сууну ала албайт. Эгерде алабыз десек Россия менен Украинадагыдай жаңжалга барыш керек болот. Бул бизге такыр туура келбейт", - деди Калматов.