Кыргыз саясатындагылар, ЖК депутаттары демократия, сөз эркиндиги, адам укуктары тууралуу сөз кылышса эле Кыргызстандын Түркмөнстанга айланып баратканын айтканды жакшы көрүшөт. Бул эми албетте, өтө эле орунсуз салыштыруу. Кыргызстан эч качан Түркмөнстан болбойт.
ЖК депутаты Тазабек Икрамов укук коргоочу Азиза Абдрасулованын кармалганы боюнча сөз кылып, «Түркмөнстандын Конституциясын кабыл алып жашайлы» деп балп эттирди. Түркмөнстандын Конституциясы, алардын мыйзамдары кандай экенин билерибизден деле шегибиз бар. Ары жоктор ушинтип арсыздыктарын көрсөтө бергендиктерин качан токтотушат? Кыргызстанда сөз, ой эркиндиги, демократиялуулук баалуулуктар бар үчүн ЖК депутаттары, жарандык активисттер, ошол эле укук коргоочулар каалаганын айтышып, жазышып, сындашып келатышат. Түркмөнстанда каалаганын айта алышабы? Айтышмак, сындашмак түгүл ашыкча чүчкүргөндөн коркушат.
Демократия бар үчүн Тазабек Икрамов ЖК жыйындарында каалаганын сүйлөп, өзүнүн дараметин, көрөңгөсүн көрсөтүп, ушул жагынан да болсо элге, шайлоочуларга таанылып жатат. Укук коргоочулар митинг, акцияларды өткөрүшүп, каалаган билдирүүлөрүн жасай алышат.
Андыктан Тазабек мырза Кыргызстандын Конституциясына, мыйзамдарына, демократиялык баалуулуктарга шек келтирип, Түркмөнстанды оозангандын ордуна Кыргызстанда жашап жатканына сүйүнсүн. Болбосо, ал өзүнүн деңгээли менен парламентте эмес, башка жакта отурмак.