Айрым саясатчылардын жана активисттердин камакка алынышы - мамлекет тынчтык орнотуу үчүн өз куралдарын колдонуп жатканы болуп эсептелинет. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди. 

"Учурдан пайдаланып айрым саясатчылар саясий оюндарды ойноп жатышат. Мамлекет дайыма өзүнүн куралдарын пайдаланат. Бул сапар оппозиция кайра эле эски ыкма менен бийликти алабыз деп аракеттеништи. Бирок азыр заман өзгөрдү, эл тынчтыкты каалайт. Анын үстүнө башка маселелер да көбөйдү. Айрыкча, Баткен маселеси. Ал биринчи орунда турат. Эмнеге Кемпир-Абадга өтүп кетишти, бул саясий оюн. Сүйлөшүүлөрү чыгарылбадыбы, анда алар митингге элди чакырып, чоң митинг уюштуруп бийликти алууну максат кылышканы көрүнүп турат. Ошондуктан, мамлекет куралдарын пайдаланып, мыйзамдын негизинде баарын камады. Эми калганы сот аркылуу чечилет", - деди Бакыт Бакетаев. 

Эске салсак, 23-октябрда бир катар активисттер жана саясатчылар ИИМ тарабынан кармалган. Аларга Кылмыш жаза кодексинин 36 жана 278 - беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштурууга аракеттенүү") кылмыш иши козголду. Айрымдарынын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.