Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 398

"Ой жаш активистердин үнүн укпай коюшту", "сөз эркиндигин чектеп салышты", " куугунтук жүрүп жатат" дешип, ооздоруна келгенди тантырай тургандар чыгышты, баягы эле текечилер, сагызгандар, Жанар Акаев окшогон атамбаевдик тыңчылар.

Эмне, бийлик ушул- өздөрүн учуна чыккан демократ эсептеп алышкан бир ууч эл бузарлардын, батыштын жугундукорлорунун эле үнүн уга бериш керекпи?

Бакай бакырчаак айтмакчы: карапайым чор тамандардын үнүн ким угат? Биздин деле үнүбүз бийликке жетип, биздин талаптар деле аткарылыш керек да.

Ошол бир ууч бузукулардан айырмаланып, биз Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди тандаганбыз, баалаганбыз, шайлаганбыз.

Биздин талаптар:

- "Азаттык", "Клооп", "Кактус" сайттарын, "Апрель" каналын жаап, өлкөдө алардын мамлекеттик түзүлүшкө каршы жүргүзүп жаткан ар кандай провакацияларына тыюу салынсын;

- Өнүгүү болуп жаткан өлкөдө оппозиция деген кузгундар жок болуш керек. Өнүгүп жаткан өлкөдөгү оппозиция-оппозиция деп эсептелбейт. Аларды "эл душмандары" деп өз аттары менен аташыбыз керек.

Азыр Кыргызстанда чоң бурулуш, жакшы эле өнүгүү болуп жатат. Кандай өнүгүү экенин санап олтуруштун кереги деле жок, себеби көргүсү, билгиси келген жүрөгү таза адамдар көрүп, билип эле жатабыз. Ошондуктан, "оппозициябыз" деген беткапты уяты жок беттерине кармап алган Мадумаров, Бекназаров окшогон бузукуларды куйруктары менен кошо жазага тартылсын.

- Митинг деген балакетке өлкөдө тыюу салынсын;

- Чет элден каржыланган уюмдарга, НПОчуларга агент деген макам ыйгарылып, алардын иш-аракеттери текшерилсин;

- Сапар Исаков деген учуна чыккан ууруну жердин түбүнөн болсо да таап келип, кылган кылмаштары үчүн мыйзам алдында жазасы берилсин. Антпегенде, сыртта жатып алып бузукуларды материалдык жактан камсыздандырып, баардык кесепет ошол сары мышыктын айынан болуп жатат;

- 2010-жылдагы 7-апрель, Ош коогалаңы тыкыр текшерилип, УӨттүн чөө карышкырлары ар бири кылган кылмыштарына жараша жаза алышсын;

- УӨттүн жексурлары жаманатыга чыгарып, жалган жала менен өлкөдөн чыгып кеткен чыныгы журт атасы болгон Бакиев акталып, үй -бүлөсү, жакындары менен туулган жерге кайтып келишсин;

- Бийлик митинге чыккан жүз чакты шерменделердин эле үнүн уга бербей, өз тирилигин кылып, тынч жашагысы келген жамырай журттун да үнүн уксун;

- Төмөндөгү кармалган басмачыларга аеосуз жаза берилсин.

Эмне үчүн ичибизден чыккан эл душмандарын камап койсо: "куугунтук болду" дешип дуу көтөрүшөт.

Бул бийликтин кылган иши эмес, биз, карапайым калың журттун талабы. Кыргыз оор кездерде бир муштумга биригиш керек. Эл менен боло алышпай, өздөрүнчө бөлүнгөндөрдү, өлкө ичинде бузукулардын "республикасын" түзгөндөрдү, Кыргызстанды эмес, батышты сүйгөндөргө- ЭЛ ДУШМАНДАРЫ деген макам ыйгарылып, керек болсо өлкөдөн чыгара турган мыйзам киргизилсин.

Кыргыз эли тополоңдон тажап, дүйнө жүзүнө шерменде болдук. Жетишет ар кандай революция, төңкөрүш, бийликке карата жасалган ар кандай аракеттер.

Шамурза Борукулов, журналист