Бүгүнку күндү учурдагы кырдаалдан пайдаланып, тополоң, ызы-чуу чыгарып, анын натыйжасында бийликти басып алууну көздөгөн айрым журтбезер саясатчылар, өздөрүн жарандык активист санаган ээнооздор түбөлүк эсинде сакташат! Булар көнгөн адатынча, күн сайын ар кандай жолугушууларды уюштуруп, жүз грамм, вино-пивонун үстүндө бийликти кантип кулатуу багытында план куруп жүрүшкөнүн бийлик билбей калат деп ойлошконбу?

Ачыгын айтуу керек, алардын бул аракети - даана чыккынчылык! Анткени, бийлик бүт күчүн учурда чек ара маселесин чечүүгө бел байлап, элге тынчтык алып келүү жагында иштеп жатат. Тажикстандын бийлиги уктап-турса С.Жапаров менен Ташиев качан кетерин санап олтурат. Ушундай оор кырдаалда оппозициямын дегендер, "Кемпир-Абадды коргоо кыймылын" түзгөндөр тажик бийлигинин чырагына май тамызып жатышат. Мындай чыккынчылыкка эл-жерин урматтап сүйбөгөн манкурттар гана барышат. Акыры алардын арам ойлору ачыкка чыгып, бүгүн кармалып, тагдыры кандай болорун күтүп турушат. 

Ошол эле маалда, бул бузукуларды колдогондор да жок эмес. Чыккынчыларды колдоо армиясы негизинен урук-туугандарынан, бейөкмөтчу дүжүр уюмдардын акырынан нан жегендерден турат. Ошолор деле мисалы, табылып жаткан долларлар менен куралдар эмне максатта колдонулаарына кызыкса болмок. Анан да, булар колдоп келаткан адамдар кимдер?

Мисалы, Равшан Жээнбековду алалы. Мамлекеттик мүлктү сатып байыган шүмшүк. Гей-парадды колдоп жүргөн АКШнын агенти. Президенттик шайлоого катышып 0,5 пайыз да элдин колдоосуна алынган эмес! Өзү да артында колдоосу жоктугун билет, бирок, арам акчалар менен бийликти кулатууга шымаланып киришкен Жеңиш Молдокматов жана анын Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороевич деген жардамчылары - шефтери, Кыргызстанды түп тамыры менен талкалап жеген АШАнын буйругун аткарып жатышат. Атамбаев абакта жатып алып, бийликти алам дегенде эки көзү төрт 

Кыскасы, кимди ээрчип атканынарды билгиле! Калгандары тууралуу да сөз алдыда!