Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Алар:

1. 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө);
2. Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ Аткаруу катчысы жөнүндө;
3. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу жөнүндө;
5. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;
6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу;
7. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө.
8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө;
9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө;
10. Эркин соода кызмат көрсөтүүлөрү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;
11. 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын (Россия Федерациясы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
12. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө;
13. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;
14. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;
15. КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө;
16. КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.