Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жанан Путиндин сүйлөшүүсү талаш-тартыш, кайым айтышуу, пикир келишпестиктер менен өткөнүн өздүк булактар билдирди. Үч тараптуу бул сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун армиясы тарабынан жасалган куралдуу агрессия тууралуу катуу айтып, маселени бул жол менен чечүүгө болбостугун, мындан ары кыргыз элине бир ок атылса, өткөндө кайтарылгандан да катуу жооп болоорун эскерткен. "Баткендин бир сантиметр жерин бербейбиз" деп катуу айтты.

Эмомали Рахмон адатынча Путинге жагалданып, Путин бизди колдойт дегендей кылып утуру анын көзүн карап отурду. Эмомали сөз алып, тажик бийлиги өзүнүн багытынан кайтпай турганы ачык айтып, керек болсо буга чейинки кол салуулардан да катуураак сокку берүүгө даяр экенин айтты. Лейлек аймагы тажиктердин ата-бабаларынын жери деп кыйкырык салып, аны үчүн ачык күрөшө турганын билдирди. Жапаров ого бетер ачууланып, кыргыздын жерин коргоп калуу үчүн ар кандай жолго барууга даяр экенин, душман бир кадам басып кирчү болсо, белин сындырып, унутулгус сокку ураарын белгиледи.

Путин болсо, эки тарапты тең саясий дипломатиялык жол менен маселени чечүүгө чакырган киши болуп, мыйыгынан күлүп гана отуруп берди.

Бул деген сөз Эмомали Рахмон алдыда дагы кыргыз жерине бастырып кирип, кандуу жолго барууга камынып жатат дегенди түшүндүрөт!

Кыргыз элим, бүгун душман астанаңда сенин жериңди тартып аламын деп тишин кайрап отурат! Биз болсо ич ара бийлик талашып, кайдагы бир болбогон саясатчы сөрөйлөрдүн куурчагына айланып, душман менен эмес, өзүбүз менен өзүбүз тытышканга чейин барып калдык! Көзүбүздү ачалы! Бир муштумга биригели! Кыргыз жерин Эмомалиге тепселетип койбостон, ынтымак менен бул абалдан чыгышыбыз керек эмеспи! Же биз өзүбүздү өзүбүз, өз колубуз менен жок кылабызбы?!

Адахан Мадумароу дагы, башкасы дагы бир жерин кысып, жерибизиди тартып аламын деп турган душманга каршы катуу туралы! Кудай бизди колдосун! Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун!

Бүгүн бир муштумга биригип, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин аартында темирдей бекем болуп туруп бербесек, анда бизди Кудай кечирбейт! Келечек муун кечирбейт! Ушинтип жүруп жок болуп кетпейли, кыргызым! Көзүбүздү ачалы! Ойгонолу! Бирик, кыргыз! Кыргыздын ынтымагы канчалык экенин көрсөтөлү! 

 

Кубанычбек Раззаков