Өткөндө В.Путиндин 70 жылдыгына барбай коюп, кыргыз президенти С.Жапаров туура «ход» кылган экен. Ал «ход» эселеп иштеди десек болот. Биринчиден, Кыргызстандын, кыргыз элинин намысы сакталды, экинчиден, В.Путин «эсине» келтирилди. Бүгүн минтип В.Путиндин жеке демилгеси менен Путин-Жапаров-Рахмон үч тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө. Айтымда, В.Путиндин чек ара боюнча кырдаалды жумшартып, эки өлкөнүн лидерлерин ийге келтирип, ортодогу чыңалган мамилени жумшартуу ниети бар экен. Чын эле андай ниети болсо, анысы жакшы.
Чындап келгенде, В.Путиндин Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара боюнча кырдаалды жөнгө салууга, агрессор Рахмонду акылга келтирип, тизгинин тартууга, агрессорлук аракеттерин токтотууга мүмкүнчүлүгү да, рычагдары да жетиштүү. Тажикстандын экономикалык да, коопсуздук да жагынан Россияга көз карандылыгы чон. Бул Рахмон Путин менен эсептешүүгө, айткандарын аткарууга аргасыз дегенди билдирет. Анын үстүнө Баткендеги акыркы кагылышуулардын орун алуусунда Россия тараптын «кулагы» көрүнгөнүн да жокко чыгарбай турган болсок, анда президент С.Жапаровдун маселени кабыргасынан коюп, позицияны так билдирүү менен Кыргызстандын пайдасына сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.
Албетте, «колго түшкөн коёнду, коё берген оңобу» дегендей, Путин маселеге Россия-Украина кырдаалынын алкагында карайт, «бизди колдосоңор, мен силерди колдойм» дегендей тариздеги соодасын да жүргүзөт. Ансыз болбой калбадыбы…
Мирлан Дүйшөнбаев