Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 269

Бийликтин ар бир кадамынан кыйкым, кылган ишинен кемчилик издеп көнгөн активисттер, саясатчылар Кемпир-Абад боюнча кабыл алынган чечимдин тегерегинде да  ар кандай пикирлерди, сындарды  айтып бүтө албай жатышат. Элден калбайлы дегенби, оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» да билдирүү таратты.

Анда макулдашууну жокко чыгарууну талап кылышты. Бул эми албетте, кыймылдагылардын кезектеги популизми. Бийликти сындап турсак, устукан, сөөк тийип калабы деген арсыз саясатчы сөрөйлөрдүн демагогиялары. 
Президент С.Жапаров талаш жерлердин 99 %ы Кыргызстанга өткөнүн, УКМК төрагасы К.Ташиев өлкөнүн, улуттун кызыкчылыгына каршы келбегидей негизде жерлер алмашылып, башкысы, чек аралар такталганын, чекит коюлганын  айтышты. Бирок болбой эле маселени саясатташтырышып, аны менен бийликти бутага алышып, өздөрүнүн саясий максаттарын ишке ашырууну көздөшүүдө.  Ачыгын айталы, мындан башкача чечилиши да мүмкүн эмес эле. Талаштуу жерлердин такталып, эки өлкө макулдашууга келгенинин өзү жакшы нерсе. Кандай талаштуу жерлер болбосун, консенсус, макулдашуулар менен чечилет. «Талаш жерлер биз каалагандай чечилиши керек, биз бир метр жер бербейбиз» деп көшөрүп отура берсек, анда маселе кылымдар бою да чечилбейт. Ал эми мамлекеттин аныкталган, талаштарды туудурбаган чек аралары болушу зарыл.  Кемпир-Абад маселеси  дүйнөлүк практикада колдонулуп келген тажрыйба менен чечилди. Бир жерден жер берип, башка жерден жер алдык. Тарыхта ушинтип чечилип келген, чечиле берет. 

Кемпир-Абаддан айрылдык, суусу жок калдык деп жер сабаган да туура эмес. Кемпир-Абад дайыма бизде болуп келген, бизде кала берет. Анын суусунан мындан ары да  эки өлкө тең пайдаланат.  Популизмден алыс, кылдат саресеп салып, сергек ой жүгүрткөн, маселеге калыс карагандар макулдашуулардын туура эле болгонун белгилешүүдө. Мисалы, белгилүү саясатчы, генерал Исмаил Исаков да  макулдашууну колдой турганын билдирди. «Мен мамлекеттин бүтүндүгүн ойлоп колдоого алдым» деп билдирди. 

Тилекке каршы, кандай маселе болбосун аны саясатка айландырып көнгөн айрым күчтөр, топтор Кемпир-Абад маселесине саясий түс берүүгө аракеттенишип, өздөрүнүн саясий максаттары үчүн жандалбасташууда. Чындап келгенде аларды Кемпир-Абаддын тагдыры кымындай да  кызыктарбайт. Жөн гана бийликке каршы чабуул үчүн оңтойлуу тема болуп атпайбы.