Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 369

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров кызматтан кеткенден кийин айрым маалымат каражаттарына маек берип, бир катар билдирүүлөрдү жасаган. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады:

“Шибеге капка катылбайт!”-деген улуу сөз бар элибизде. Мен дагы өзүм билген чындык тууралуу айтпасам болбойт. Чындыкты өлүм да жогото албайт!

Мындан 4-5 күн мурун Кыргыз Эл баатыры Камчыбек Ташиевди Азимбек Бекназаров "Кыргыз Эл баатыры" деген наам туура эмес берилди деп жалган жалааны айтты.

2010-жылы Оштогу июнь окуясын баарыбыз бүгүнкү күндөй билебиз. Ага түздөн-түз Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков күнөөлүү! А.Бекназаров ошол кезде Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары - күч түзүмдөрүнүн координатору болсо, И.Исаков коргоо министри, Убактылуу өкмөттүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча атайын өкүлү болгон.

2010-жылдагы июнь окуясы Курманбек Бакиевди бийликтен биротоло кетириш үчүн силердин иштеп чыккан башкы планыңар болгон. Ошол кезде түштүктүн эли Бакиевди колдоп кетүүсүн беш колдой билип тынч жаткан эки элди бири бирине тукуруп, жасалма жаңжал чыгардыңар. Кыргыз - өзбек эли кылымдар бою ынтымакта жашап келген бир тууган эл! Базары да, мазары да бир. Кагылышуунун кесепетинен канча деген биздин жарандар өлдү, канчасы дарексиз жоголду жана канча деген жаш балдар зар какшап жетим калышты. Ушулардын баары силердин колуңар менен жасалган. “Колуң менен жасаганды мойнуң менен тартасың!” деген сөз кыргызда. Жооп берчү күн келди!

Эсиңизде болсо, эки брондолгон кара түстөгү жол тандабастар менен жан сакчы-автоматчиктердин коштоосунда жүргөнсүз. Сиз менен ИИБнын ылдыйыраак жеринде Камчыбек Ташиев болуп чогуу жолукканбыз. Сиз ошол жерден качып кеткенсиз. Ошондо сизди биринчи жана акыркы жолу көрдүк.

Сиздин ал кездеги санааңыз элди сактоодо эмес байлыкта болчу. К.Бакиевдин байлыгын ээлеп калуунун аракетин көрүп жүргөнүңүздү билебиз. Бактылуу өкмөттүн шарапаты менен атайын операцияга деп акчаларды чыгыштап, Банктагы ячейкаларды талкалап, ал жактагы миллиондогон долларларды тоноп, Ак үйдөгү сейфтеги миллиондогон акчаларды алып, 100 миңдеген долларларга чоң кызматтарды сатып жүрдүңүз.

Сиз ошол кездеги УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты  Кубатбек Байболов менен чогуу Кара-Алма деген жерде кой жеп, арак ичип жүргөн кезиңерде, Кадыржан Батыровдун университетинин жанында эл көбөйүп, аткылап баштаганда сиз Батыровду чыккынчылык кылып качырып жибердиңиз. Кадыржан Батыровду да алдап пайдаланып, кийин “сатып кеттиңер”. Ошол каргашалуу июнь окуясында менда эл менен чогуу жүрдүм. Ал кездеги каны кайнап турган эл өзү эле тынчып, токтоп калган жок. К.Ташиев элди аман сактап калуу үчүн бир канча чоң жоопкерчиликти жеке өзү моюнга алып, жасаган кадамдарын билебиз. “Сузакка барбагыла, мени атып анан барасыңар!”- деп элдин алдына чыгып эки элдин ортосунда эл менен чогуу турган. Чындык мына ушундай болгон!

Эгер менин сөздөрүм туура эмес болсо кан кечкен элден сурайбыз. Сиздер эркек болсоңуздар Жалал-Абадка элдин алдына келгиле. И.Исаков экөөңөр баш болгон УӨ мүчөлөрү чыккыла дагы айткыла. Элдин алдына чыга албайсыңар, духуңар жетпейт. Себеби силер 100 пайыз күнөөлүү экениңерди билген үчүн элден коркосуңар. Эл дагы силерди кандай кабыл алышын жана эсептешишин абдан жакшы билесиңер!"