Бишкек шаарынын мэри президенттин убадасын аткарбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Эл өкүлү “Белес” ишканасы курап жаткан автобустарды Бишкек мэриясы сатып албай койгону тууралуу маселе көтөрдү.

“Урматтуу өкмөттүн жана президенттин өкүлү, мамлекет башчыбыз “Белес” автобусу чыкканда барып, өз оозу менен “10 автобус алабыз, анан көрөбүз серийный заказ беребиз” деген. Президенттин сөзү шамалдын ышкырыгы эмес. Арадан убакыт өткөндө мэр “карап көрдүк, атаңа бар, энеңе бар албайбыз, дүйнөдө жакшы автобустар көп, булар кол менен топтойт экен” дейт. Анан эмне менен топтосун, мамлекет завод куруп бербесе же бир жабдык сатып бербесе. Алар күнү-түнү уктабай байкуштар чөнтөгүнөн акча чыгарды эле. Бул жакта насыя алып автобус алабыз дегенде да мен айттым эле акча башка жакка кетип калбасын, бул жакта автобус чыгат экен деп. Анда оозун толтуруп “ага башка бюджет бөлүнөт, андан автобус сатып алабыз” деп айтты эле. Кыргызда сөзү өлгөнчө өзү өлсүн деген кеп бар. Ал өзүнүн дагы, президенттин дагы сөзүн өлтүрүп жатат. Президент бир өлкөгө барып келгенде “аларды көрүп суктандым, баары чыгат экен, бизде тиш чукугуч дагы чыкпайт экен” деген. Мамлекеттен жардам болбой, ишкерлерибиз өзү ушундай иштерди кылып жатса, келип алып бүткөн ишти сындаган көп болуп жатат. Мэр экөөбүзгө өлкөдөгү бардык устаны берсе дагы араба да жасай албайбыз. Керек болсо маселени көтөрөлү. “Белестин” өкүлүн, мэрди, президенттин өкүлүн дагы чакыралы комитеттин деңгээлинде. Кымбат экен дейсиңер, кымбат болот да серийний чыгарылгандан кийин азаят. Сатып алсын, мен талап кылам, президенттин сөзү эки болбосун”, - деди Кадырбеков.

Булак: super.kg