Саясий серепчи Денис Бердаков Кыргызстандын Улуттук Банкы рублдин сомго карата курсун башка эреже, тартип менен аныктай баштаганын, ошондуктан мындан ары рублдин сомго карата куну төмөн болорун айтты.
Анын айтымында, бул жакшы эмес чечим болду, бирок альтернатива андан бетер жаман болмок. «Эгерде рублдин сомго карата курсу мурдагыдай эле тартип менен аныкталса, анда доллар болуп көрбөгөндөй кымбаттап, 1 доллар 135 сомго баалана баштамак. Биз бардык товарларды доллар менен импорттогондуктан, доллардын сомго карата кунунун кармалып турганы маанилүү. Эми Россияда иштеген мигранттарга Кыргызстанга акча жөнөтүү таптакыр пайдасыз болот. Себеби, жөнөткөн акчалары сомго айланганда кыйла азайып калат. Алар Кыргызстанга кайтып келиши керек же үй-бүлө мүчөлөрүн Россияга чакырып алып, ошол жакта жашап, иштеши керек болот. Ошондо утулушпайт», - дейт саясий серепчи.
Бердаковдун пикиринде, буга чейин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун экономикалык жактан өнүгүүнүн варианттарынын бири катары карап келсек, эми аталган темир жол экспорттук-импорттук соода-сатыкты ишке ашырып, экономиканы көтөрүүнүн жалгыз варианты болуп калат.
Булак: “Майдан. kg” гезити