- Надира Азимовна,  акыркы убакта бийликке сын айткандардын ичинде “карышкыр” саясатчылар болуп жатат. Бул айрыкча, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн кетүүдө. Ош окуясын баарыбыз билебиз, бул чоң трагедия болгон. Анан ал ишти аягына чыгарабыз деген азыркы бийликтин убадасы да бар. Эми булар жоопкерчиликтен качуу аракетин кылып, кетирген кемчилигин жабуу максатында, бийликти жамандап, чабуулга өтүп жатышкан жокпу?

- Мен биринчи кезекте коррупция менен күрөшүүнү сөзсүз аягына чыгарыш керек деп ойлойм. Анткени, К.Ташиев УКМКнын гана төрагасы эмес, укук коргоо органдарын көзөмөлдөп турган Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары. Ошондуктан, кандай аракеттерди жасаса дагы мыйзам жол берет. Жемкорлор менен күрөшүн эл бир гана колдоп турушу керек. Себеби, бүгүнкү күндө биздин мамлекетти каалагандай калчагандарга бул иш жакпай жатат. Союз тарагандан кийин Кыргызстанда эмне деген завод-фабрика, ишканалар, өндүрүштөр бар эле. Ошонун баарын, колхоз-совхоз, короо жайлардан бери миңге жетпеген адам бөлүштүрүп алган. 30 жылдан бери ошол адамдар тынчыбай келишти. Дагы да тынчыгылары келбей жатат. Анткени, элдин акысын жеп көнүп калган адамдар, дагы да жемейинче тынч жашай албайт экен. Мите курттай болуп, сүлүктөй соруп турушат экен да. Дагы да элдин акысын жеп жашагылары келет, анан да алганга көнгөн адам бериш керек дегенди билбейт экен да. Бул адамдар мамлекеттин байлыгын казып жеп, өздөрүнө, балдарына гана эмес, небере-чөбөрөлөрүнө да жете тургандай байлык топтоп алышкан. Анан бир жылдан бери Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшү булардын чекесине чыккан чыйкан болду да. Мамлекеттин, элдин акысын жебегендер, туура сүйлөп, ак жүргөндөр түнү да колу-бутун кенен сунуп укташат. А уурулардын түн уйкусу тынч болбойт. Мына ушундайлар бүгүнкү бийликти жаман көрүп жатышат. Жакшы жагын көрсө да көрмөксөн болуп, жакшы сөзүн айткысы келбегендер - коррупцияга малынгандар, бийликке, кызматка жетпей калгандар, эл деген элек да, эл алдында кадырын кетирип алып, шайлоодон добуш топтой албай калгандар болууда. Акыркы шайлоодо административдик ресурс колдонулган жок. Партиялык тизме менен да, жеке талапкерлер да чыгышты. Ар кимиси элге жасаган эмгегине жараша добушун топтошту. Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөндө элге жаман көрүнүп алгандар, добуш ала албай калышып, айыпты бийликтен издешти. Мындай болбойт. “Элге кадырым калбай калыптыр”- деп ынанышы керек. Жок жерден “добуштар уурдалды”- дешти. Салынбаган, берилбеген добушту кантип уурдашат? Кийин текшерип деле көрүштү го. Шайлоодон өтпөй калгандар жамандап, туура эмес сөздөрдү чыгарышат экен. Анан коррупция менен шугулданып жүргөндөр күнөөсүн билишет да. Он жыл бою бийлик бутактарын бийлеп, ар кайсы тармактарды жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Апрель окуясында, Ош окуясында төгүлгөн кандарга, өлүү-тирүүсү билинбей дайынсыз жоголгон балдарына төгүлгөн энелердин көз жашына бүгүнкү күнгө чейин эч ким жооп берген жок. Укуктук баа бериле элек. Ушул окуяларга укуктук баа берилип, күнөөлүүлөр жазасын алмайынча, элдин көксөөсү суубайт. Анын үстүнө Ош окуясы кайталанбайт деген кепилдик жок. Ар жыйырма жылда кайталанып жатат. 1970-жылдары болгон экен, анан 1990-жылы, 2010-жылы болду. Коогалаңга катышкандардын балдары 20 жашка чыкканда ич күптүсү козголуп, “менин атамды мындай кылышкан” дегендей ойлорго келишерин аксакалдар менен сүйлөшүп калганымда айтышты эле. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Ош окуясына укуктук баа берүү жөнүндө УКМКга расмий тапшырма берген. Кимдин-ким экенинин жүзү ачылып, окуяга так баа берилмейинче, кайра кайталанбайт деген кепилдик болбойт, чоочулоо орун алат. Улуттар аралык ынтымакты бекемдеп, эт менен тырмактай биригип калган кыргыз менен өзбектин биримдигин бузбоо үчүн, саясий упай топтоого ортодон бузукулар чыга калып, дагы бир ишти жасабашы үчүн бул окуяга укуктук баа берилүүгө тийиш. Убактылуу өкмөттүн көп иштери, жоопкерчилиги бар. Ошондуктан дагы, Камчыбек Ташиев УКМКдан кетип калса, анын ордуна ушул сыяктуу духу бийик, коркпогон, мекенчил, чыныгы эр жүрөк жигит келип, өзүн тобокелчиликке салып, Ош окуясын элдин суроо-талабы менен аягына чыгара ала турчу адам келбесе керек деп турушат. Ушул максатта, анын кылган ар бир аракетинен чек ара боюнча да, коррупцияга каршы күрөштөн да айып издеп жатышат. Жекече адамдык сапатына да асылышууда. Ар бирине жооп айта берүү да туура келбейт. Карапайым эл Камчыбек Ташиевдин чыныгы мекенчил, духу күчтүү инсан экенин түшүнүп, колдосо, Ош окуясын дагы, Апрель окуясын дагы чындыгына чыгарып, укуктук баа берип, кыргыз-өзбек улуттарынын ынтымакта жашап калышына өбөлгө болот деп ишенем.

- Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды өзүңүз билесиз. Президент Садыр Жапаров тажик коллегасы менен сүйлөшүп келгенден кийин Мадумаров кол койгон протоколду тажиктер бетине кармап, ошон үчүн да бул иш ордунан жылбай жатканын билдирген эле. Башкы прокуратура бул боюнча Мадумаровду жоопко тартуу боюнча парламентке сунуштама жиберген. Учурда коомчулукта ар кандай ой пайда болууда. А сиз кандай ойлойсуз?

- Бул жерде Баткен облусу боюнча айтканда, бир жыл убакыт аралыгында Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жасап жаткан иштери ат көтөргүс, опол тоодой. Баары айланып келип, канча жумуш жаслабасын, канча статус берилбесин, облустун өнүгүшүнө канча каражат бөлүнбөсүн  бир нерсеге такалат – чек аранын делимитация жана демаркация иштери бүтүп, чек ара казыгын кагып, зым менен тосуп алмайынча Баткен маселеси бүтпөйт. Баткен облусу Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чектешип турат. Бүгүнкү күндө бийлик тажик бийлиги менен дипломатиялык негизде сүйлөшүп, компромисске барууга, тынчтык макулдашуу менен делимитация, демаркация иштерин бүткөрүүгө аракеттенип жатышат. Бирок бул маселе эки тараптуу маселе. Тилекке каршы, биздин жетекчилер канча аракет кылганы менен тажик тарап биздикилердин сунуштарына макул болбой, буга чейинки эл аралык келишимдерге көңүл бурбай турганы өкүнүчтүү. Өзүңөр билгендей, эгемендүүлүк алгандан кийин чек ара боюнча Алматы келишими түзүлгөн. Анда кайсы өлкө ошол учурда кайсы жерди пайдаланып жаткан болсо, ошол жерди өзүнүкү кылып, чек араны бекитип алуу тууралуу айтылган. Бирок муну тажик тарап аткарбай жатат. Алар 1924-жылдагы келишимге таянып кыйыктанышууда. Ал болсо бизге туура келбейт. 1992-жылдагы Алматы келишимине тажик тарап макул болушу керек. Биздин жетекчилер ушул жаатта иш алып барып жатышса керек, ошондуктан да создугууда.

Чек ара маселесин чечүүгө келгенде, 275 метр жөнүндө сөз болуп жатат. Ага ылайык протоколго ошол убактагы Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары Адахан Мадумаров кол койгон экен. Бир жаңылыштыгы – протоколду убагында жокко чыгарып коюшса болмок экен. Мындай караганда, бул протокол бир сүйлөшүүнүн протоколундай эле көрүнөт. Азыр деле жумушчу топтор жолуккан сайын протокол түзүлөт, ал мыйзамдуу күчкө ээ эмес, болгону кийинки жолугушууга гана негиз болуп берет. Мадумаров кол койгон протоколдун негизинде өкмөт келишим түзгөн эмес, Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, ратификацияланган эмес. Андан кийин президент кол койгон эмес. Ошондуктан, протоколду бетине кармап тажик тараптын кыйыктануусуна негиз жок. Убагында жокко чыгарып койбогондуктан гана тажик тарап мыйзамдуу документ катары кабыл алып жатат.

Мында бир гана Мадумаровду күнөөлөгөн туура эмес. Канча деген губернатор, канча аким, канча айыл өкмөтү иштеди Баткенде. Алар эмне уктап калышканбы? 275 метр жердин жан жагынан элге жер бөлүнүп, үй курулуп жатканда, ошолор мамлекеттин жетекчилерине ызы-чуу салып жеткиришпейт беле. Тамаша кылып карап туруп, анан азыр Мадумаровду күнөөлөп чыккан губернаторлорго таң калам. Ошондуктан, ошол убакта ким губернатор болгон, акими, айыл өкмөтү ким эле, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Мамлекеттик архитектуранын жетекчилигинде тургандардан бери жоопкерчилигин караш керек. Баткендеги азыркы көйгөй ошол жетекчилердин милдетин так аткарбагандыгынан болууда.

 - Туура айтасыз, Султанбай Айжигитов губернатор болуп турганда, 275 метр маселеси каралып жатканда эмнеге унчуккан эмес да, азыр акыл үйрөтүп жатат?

- Калыс сөздү айтпасаң адамдыктан эмне пайда. Менин Мадумаровго болушайын деген жерим жок. Бирок ал да адам да. Протоколго кол койгон мезгилде мамлекетке зарылчылдык болсо керек, ал өзү эле бара коюп кол койгон эмес да. Көрсөтмө, тапшырма берилген. Андан башка да облус жетекчилери болгон. Жалгыз Мадумаровду эмес, баарын жоопкерчиликке тартуу керек. Мадумаров туура эмес кылып жатканда эмнеге алар айтып чыкпады? 275 метрдин эки жагы тең айылга айланганча карап отуруштубу?

 - Ушул протокол боюнча дагы бир сөз айтылып жатат. Протоколду Исмаил Исаков Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп турган маалында даярдап берген экен, аны көргөн-билген депутаттар бар. Ошондо Исаков да жооптуу болуп калабы?

- Аны мен айта албайм. Азыр укук коргоо органдары тергөөсүн жүргүзүп жатышкандан кийин тиешелүү адамдарды сурап билишеттир. Мамлекеттин укуругу узун, качан болбосун акырын иликтеп жүрүп, тиешелүү адамды таап алат. Улам эле өздөрүн актай бергенге болбойт. Баткенде беш-алты губернатор алмашты, баары ошол өрөөндүн балдары. Ар биринин кайсы бир деңгээлде жоопкерчилиги бар. Экинчи жагынан, Баткен облусу боюнча Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жасап жаткан иштери баа жеткис. Бул баарынын колунан келе бербейт. Тажик кошуналар өздөрү тийиштик кылып, агрессия көрсөтүштү, ошондо да сабыр кармашып, өздөрүнө жараша жооп беришпеди да, ошол кырдаалдан чыгып кеттик. Эгерде “сен аттың, мен да атам” болушканда, өлүм, талкалануу мындан да көп болот эле, токтотуш да кыйын болуп калмак. Талкаланган үй-жайларды мамлекет колдон келишинче ордуна тургузуп берди. Бул башка өлкөлөрдөн жардам алынбай, тажиктерден кун суралбай, элдин, мамлекеттин күчү менен жасалды. Тажик тараптан кечээ жакында дагы бир жолу болгон агрессияда кыргыз аскери материалдык, техникалык жактан өзүн бекемдеп алганына күбө болдук. Өткөндөн сабак алып, тургундарды тез арада эвакуациялап, жарандарды сактап калышты. Тажрыйбасы ашып, сергектенип, алдын ала уюштуруу иштерин жүргүзө билгени үчүн өзүбүздү коргогонго мүмкүнчүлүгүбүз бардыгын далилдешти. Азыр техника, курал-жарактар жаңыланып, аскерде кызмат өтөп жаткандардын шартын да оңдоп жатышат. Муну менен Кыргызстан коркок эмес, ар убакта тең ата сүйлөшө алаар мамлекет экенин далилдеп коюшту.

Эл Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин аракетин сезип турат. Булар балким, кээ бир сынчылар айткандай, өтө сайрап сүйлөшө алышпастыр, бирок дух бар. Тобокелчиликке барып көп ийгиликтерди жаратып жатышат. Муну моюнга алыш керек. Дагы да көп иштерди жасашат деп ойлойм. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүп берсе, коррупция азаят. Коррупция менен күрөшүүнүн бирден бир жолу - эмгек акыны көтөрүү керек. Ал үчүн каражат табыш керек, каражат үчүн инвестиция тартуу керек, инвестиция үчүн тынчтык керек, тынчтык үчүн темирдей тартип керек.

- Ошон үчүн да ар качан бөйрөктөн шыйрак чыгарып, ызы-чуу салып жаткан бейөмөт уюмдарды тизгиндеген мыйзам долбоорун алып чыктыңыз да?

- Батыштан каржыланып алып, мамлекеттин ички ишине, саясатына аралашкандарга бөгөт коюу зарыл. Ошондуктан, бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизели деп жатабыз. Биз аларга агент дейбизби же башкабы, статус беришибиз керек. Бирок бейөкмөт уюмдардын баары жаман дегенден алыс болушубуз кажет. Муктаждарга жардам берип, социалдык маселелерди чечип, мамлекеттин ички ишине аралашпай, өз ишин аткарып жүргөн бейөкмөт уюмдар толтура. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” болуп, он беш - жыйырма чактысы жалпы бейөкмөтчүлөрдүн атын булгашууда. Ошондуктан, алардын ниети бузуктары менен туураларын бөлүп чыгуу керек. Азыр мени бейөкмөт уюмдарын агент кылгысы келип жатат деп жаманатты кылышууда. Жок, андай эмес. Элге түшүндүрүп коюш керек. Мен бейөкмөт уюмдарынан суранат элем: өзүңөрдү өзүңөр тартипке келтиргиле. Кыргыздын баалуулуктарын тебелеп-тепсеп, улуттук нарк-насилге зыян келтирип, Батыштын идеологиясын жаштарга сиңирип, кыргыздын ичине бүлүк салгысы келгендер, бийлик бутагына асылгандар, туура эмес темаларды көтөрүп чыгып аткандар силердин араңарда жүрөт, өзүңөрдү тартипке келтиргиле! Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизсек, булардын каржы жааты көзөмөлгө алынат. Мына, ошондо билинет ким канча акча алып жатат, аны кайда жумшады. Уставынан сырткары иш аракеттерди жасагандардын ишин сотко өткөрүп, анан сот статусун аныктап берет.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити