Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1446

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Исмаил Исаковдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Эске салсак, Исаков Камчыбек Ташиев кол койгон №39 протокол боюнча Баткен облусунун айрым аймактары анклавка айланып кетет деген пикирин билдирген.

"И.Исаковдун тетири ой жүгүртүүсүнө кыска жооп жазууга мажбур болуп турам.

1. Эсиңизге түйүп алыңыз эч бир жерди анклавга айлантпайбыз.Такталбаган, өз оюңуздан чыгарылган маселени айтып элдин бүйүрүн кызытпаңыз. Жерлерибизди анклав кылып койуучу документтерди кабыл алып карап турчу биз эмеспиз.

2. 1924-27-жылдагы жана 2002-жылдагы кабыл алынган эки документтен 39 деген номер менен кабыл алыныптыр, муну атайылап жасаган деп жазыпсыз. Ушунча жылдан бери чоң кызматтарда жүрүп, бирок ушул жөнөкөй нерсени билбегениңиз өтө уят иш. Себеби бардык документтер катар номери менен гана кетет, эч ким каалаган номерин коё албайт.

3. 2021 01.05де кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса эки өлкөгө тең ыңгайлуу болот жана башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

4. Туура айтасыз, Союз тарагандагы чек арабызды бир метр кыйшайтпастан сактап калуу милдетибиз жана ошондой болот буюруса.1991-92 жылдары кабыл алынган, катышкан бардык өлкөлөр ратификациядан өткөргөн келишимдерди аткаруу эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына дал келет деп эсептейбиз.

5. Эч качан Сиз айткан Исфара-Чоркух-Ак Сай-Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт! Бул айтканыңыз Кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз болот. Төрт-Көчөнү сиз да бергиңиз келип турабы, мен барымда берилбейт! Бир гана Ак-Сай -Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык жолдун статусу аныкталып, андан соң салынат, кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албаймын.

Коңшулар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду ачык талкуулап сырын ачып салбайт. Ошондуктан мен дагы 39чу протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептеймин. Мени кээ бир нерселерди айттырууга мажбур кылып жатасыздар. Бүгүнкү күндө мамлекет бизге ишендиби демек биз жоопкербиз. Мамлекеттин тагдыры, чек арасы менен айкалыштырып саясий упай топтоого жол берилбеши керек.

6. Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок, Исаков. И. кааласа комиссияга кошуп алалы иштеп берсин, бирок далилсиз, компетентсиз сөздөрүн таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн токтотуш керек. Эгер ушунчалык эле күйүп-бышып жатсаңыз, аскер адамы катары сыр сактоону негиз кылып сурасаңыз, баарына жабык иретинде жооп берүүгө даярбыз. Сиздин максатыңыз калп нерселерди коомго жайып, эптеп чек ара маселесин чечүүнү кечеңдетүү, Сизден кем эмес мекенчилдер, Сизден кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз жана жасаган ишибизге Кыргыз элинин астында жоопкербиз.

7. Жабык эшик артында саясатчыларды, талдоочуларды чакырып маалымат берүүгө даярмын.

Көп нерселерди ачык-айкын жаза албадым, туура түшүнүп кечиресиздер деп ойлоймун", - деди Камчыбек Ташиев.