- Адахан Мадумаровду чек ара чырына себеп болгон протоколду жокко чыгаруу үчүн камаганы жатышабы? 

- Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында демаркация-демилитация иштери башталып калбадыбы. Менин оюмча, мына ушуга байланыштуу ошол каргашалуу протокол, талаштуу жердин статусун өзгөрүшү, анан анын ижарага (бизге) символикалуу акыга берилиши ( 13-жылдан бери канча төлөнүп келгендиги негедир айтылбайт)  сыяктуу соболдорго жооп издешип, Мадумаровду суракка чакырышып, чиеленген түйүндүн ак - көгүн билүү аракети жасалгандыгын коомчулук билет. Бирок Мадумаров  (бүгүнкү биздин аткаминерлердин бири калбай эч нерсени эч качан моюнуна албай турган өнөкөт ооруга чалдыкканын унутпайлы) баарын четке кагып, мамлекеттик ишти жеке таарынычына айландырып, "артымда колдоочуларым бар, керек болсо элди көтөрүп  бийликти алып койом" дегенчеликке барып, аккан арыктагы сууну агызбайм деп теңирден тескери туурду кармап албадыбы. Ага макул бололу, ошол иш кагазы юридикалык күчү жок, арзыбаган нерсе экен дейин дешсе, тажик тарап кудум ушул иш кагазды чекесине коюшуп, көгөрүп турушат. Анан эч нерсеге жарабаган кагаз болсо, кантип жер статусун өзгөртөт да, кайра бизге акы төлөнгөн ижарага алынат деген ой кетет да. Демек, кандайдыр бир  сый-ургаалдар болбосо, бүгүн мышык да актоого чыкпас...

Бийлик мыйзамдын жолу менен баруу үчүн анын бардык процедураларын  сактап, парламентке кайрылды. Эмки сөз парламентте. Албетте,  бүгүн ал деле ойго батып, айласы кетип турган чагы. Оңго барса да, солго барса да, түз кетсе деле бир бурамасы сынып калбаса да, бошой түшөт. Эгерде макулудугун бербесе, анда коомчулук парламентти Бекешовдун ылакабынан улам “түкүрүк парламент” деп атай башташат. Эң эле жаманы парламент менен президенттин ортосунда карама-каршылыктар пайда болуп, котур таш ыргытмай оюндары башталат. Эгерде макулдугун берсе Мадумаровдун, Атамбаевдин жана бийликке каршы  түзүк эле каражаты, салмагы бар күчтөрү жер тепкилешип, медиа аянтында маалымат согушун ачышып, жаз келери менен төңкөрүш уюштурууга аракет кылышат. Бул табылгыс шылтоо.

Эмне кылуу керек? Маселе ушунда... Мындайда Ванга деле “же жаан жаайт же жаабайт” деп айтмак. Ошон үчүн кандайдыр бир мунасага келүү үчүн  ортомчул чечимди табуу абзел. Мадумаров албетте, келишпес туурунан кайта койбойт, себеби, бийлик колуна тийбей калганына абдан ыза жана ошого жетем деген өтө бийик эңсөөсү бар. Экинчиден, аны камоо бийликтин баш оорусуна айланат. Ызы-чууну көбөйтөт. Менин оюмча, протокол маселесин парламентте көтөрүп карап, анан анын чечимин тажиктерге жөнөтүп, комиссия түзүп эки тараптуу жолугушууда башын чечүү керек. 2009-жылкы  галдирбайлыкты жокко чыгарып, баарын кайра башынан карап, жерге талаштуу статусун кайтарып дегендей.

Мадумаров  “президенттик дартка “ чалдыккан саясатчы. Ага бүгүн баары бир. Максаты да жалгыз. Эми ушундан жыйынтык чыгарышы керек. Албетте, бийлик кара кылды как жарып, мунасага келип, саясий чечимге келиши зарыл.