УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Аны депутаттар кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилиш жолдору тууралуу маалыматты угуу үчүн чакырышкан. Айрыкча, №39 протокол коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратып, "Тажикстанга жол курууга уруксат берилет экен", "Ал жол Тажикстандын карамагында калат экен" деген сыяктуу божомолдор пайда болгон. Мына ушундай пикирлерге чекит коюу максатында УКМК башчысы парламентке келди. Бирок маселе жабык эшик артында каралды. Парламенттен чыккандан кийин Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берди.
Ал эч кандай кошумча жол курулбай турганын, Ворухка коридор берилбешин айтты.
"Мен депутаттарга протоколду көрсөтүп, мазмунун түшүндүрүп бердим. Коридор берилбейт, кошумча жолдор курулбайт дедим. Тургундардын коопсуздугу үчүн Ак-Сай айылынын чыгыш тарабынан Ворухка жол каралып жатат. Протколдо ал жолдун статусу эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик келишим менен аныкталат деп так жазылып турат. Аны президенттер чечет, биз болгону сунуш беребиз. Узундугу канча болот, ким аркылуу курулат, каражатты ким төлөйт, ким тейлейт - ал келишимде аныкталат", - деди Ташиев.
Ошондой эле, ал мамлекеттер аралык комиссия кийинки жумада иштеп баштаарын кошумчалады. Айтымында, тараптардын комиссиясы келишимге келишкенден кийин иш аяктайт.
"Кандай болбосун чек ара маселелерин чечүү керек, ансыз элибизге коопсуздукту камсыздай албайбыз", - деди Ташиев.
Ал эми №39 проткол боюнча:
"Ал ачык, аны менен таанышсаңыздар болот. Аны жөн эле биздин өлкө үчүн пайдасыз кылып көрсөтүп коюшту. Ага кол коюп жатканда ишке ашыруунун механизмдерин киргизгенбиз. Ал жакта коопсуздук боюнча бардык пункттар каралган. Эгер ал максатына ылайык иштеп кетсе, бизге пайдалуу болооруна ишенебиз. Кимдир бирөө муну тескерисинен көрсөтүүгө умтулуп жатат", - деди Ташиев.