Журналист Шамурза Бөрүкулов соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Кылдан кыйкым издеген кара ниеттер! Болуп жаткан ишти бүлүндүргөн бузукулар!
Өздөрүн оппозициябыз деп атап алышып, а бирок кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы иштеген эл душмандары!
Сен акмактар качан жаагыңарды жабасыңар? Силерде мурдагы менен азыркыны салыштыруу, жакшы менен жамандын айырмасын ажырата билүү, акты ак, караны кара деп калыс сүйлөө болобу?
30 жылдан бери эмне үчүн туура жол таппай келдик, ушундай күндө калганыбызга кимдер күнөлүү деп ойлоносуңарбы?
-Акаев өлкөнү талкалап, тоноп жатканда, он беш жыл малга окшоп башыбызды жерге салып жашадык эле го. Эмне үчүн митинг кылып нараазычылыгыбызды билдирген эмеспиз? Эмне үчүн "Кумтөрдү" Канадага карматып, өзүбүздүн үлүштү эң төмөнкү деңгээлге түшүрүп койдуң деп Акаевден сурап койбогонбуз, азыркыларды тамактан алгандай? Эмне үчүн иштеп жаткан фабрика, заводдорду токтотуп, бузуп, сатып жок кылдың, сенин бир жериңи чукуп жатат беле деп сураганга жарабадык?
Эмне үчүн илим-билим, маданият-культура, спорт тармактарын талкаладың деп митинге чыкпадык?
-2010-жылы УӨтүн канкорлорунун бийликке келишине өзүбүз жардам бердик эле го: аракка тоюп, колубузга курал алып Ак үйгө хаос орнотуп.
Акаевден кийин, талкаланып жок болуп кетип жаткан өлкөнү кайрадан ордуна тургузуп, жашообузга келечектин үмүтүн жандырган Бакиевди өзүбүз каралап кууп чыкканбыз: бизге жакшы жашоо керек эмес, бизди уурулар, коррупционерлер башкарыш керек деп. Ошентип: ойлогон оюбуз, каалаган ниетибиз өзүбүзгө шерик болуп, Кудай бизге: Атамбаев, Отунбаева, Текебаев сыяктуу, элди көргө сүйрөгөн зыянкечтерди бербеди беле. Мына ушулар акыркы он жылдын ичинде Кыргызстанды коррупционер жуткучтардын уюгуна айлантып салышканын көрүп, билип туруп деле: жонуна жүк артып, кошумчасына камчы менен чапкыласа да унчукпаган кырчангы эшектей болуп башыбызды шылкыйтып жашап келдик эле го. Текебаев бекеринен: "кыргыздар сабатсыз, маңыроо, эмне айтсаң ишене берет" деп тантырабагандыр?
Атамбаев жөн эле бизди "мал, кой" деп айбандарга теңебегендир?
Отунбаева баарыбызды "мыркалар" деп ойноп сүйлөп койбогондур? Мүмкүн, өзүбүз ошого жол бергендирбиз?
Мына эми, жаңы элдик бийлик келип, бир жылдын ичинде мактай турган, даңазалап айта турган жаңылыктарды, жакшы иштерди жасап жатышса, көзүбүз агып көрбөй, тескерисинче нараазы болгондор чекеден чыгып жатышат.
Мадумаровду алып барып стенкага коюп атып салгандай, ар жерден топтолушуп аны колдоп митинге чыгышып жатышат. Чек ара маселесинин чечилишин каалабасаңар, тажиктер менен тытышып жашай бергиле. Отко айдаса бокко качат экенсиңер, экинчи Садыр менен Камчыга чек ара көйгөйүңөрдү айтып арызданбагыла. Мадумаровдун портретин чоңойтуп, ошол чек араңарга илип алгыла да, ары-бери өтүп сыйына бергиле. Силер жашаган чек ара Садыр менен Камчыга керекпи? Садыр менен Камчы кол коюп, 49 жылга арендага берип салыптырбы?
Атамбаев бир жылы катырган экен: "Барып чек араңы өзүң коруп ал, Бишкекте бок барбы" деп. Ошонун теңи экенсиңер.
Текебаев: "Он жылдан кийин ар кандай кылмыштын мөөнөтү өтүп кетет" деп тантыраса, анын сөзүн колдогондор чыгып жатат. Текебаев 2010 жылдагы июнь каргашасы козголуп калбасын деп, өзүнүн кара башынын камын жеп жатканын сезбей жатасыңарбы? Текебаев Мадумаровду ойлоп да болуптур. Керек болсо, Мадумаров менен Текебаев ит менен мышыктай болушуп эле ырылдашып келишкен ушул убакытка чейин. Ал экөөнө салыштырмалуу, эр талашкан эки күндөш катындар ынтымактуу жашашат болуш керек?
Орозайымдын самопал дипломунун бети ачылып, мандатынан ажыратышса, буга да нараазы болгондор толуп чыгышты. Жасалма, сатып алынган дипломдор менен "мен жогорку билимдүүмүн" дегендердин тең жарымы жүрүшөт, эгер жакшылап текшерсе. Президентибиз үч айлык мөөнөт берди го, бүткүл кызматтагылар текшерилсин деп. Бир эле Орозайым менен токтоп калган жок.
Жаңы шаар курабыз дешсе, ага каршы болобуз, чек араны алмашуу усулу менен чечип жатышса, буга кыйкырып чыгабыз: кокуй Ташиев жерди берип койду деп. Баарын бузуп, жаңы эч нерсе курбаган Акаевдин заманынан теңи экенсиңер.
Эгер эле ар бир Кыргызстандык дээринде 25% эле Ташиевдей патриот болсо, мындай оор акыбалда калмак эмеспиз. Ташиев кыргыздын жерин берип коет деген ой Чым Коргондогу жиндилердин да башына келбейт болуш керек.
Коррупция деген балакет жашообузда болуш керек, пара берип, пара алып жашоо мыйзам ченемдуу көрүнүш катары каныбызга сиңип калыптыр, бул жактан кармап келип камаса, тигил жактан уурдап жатышат. Бүгүн кызматка койсо, үч күндөн кийин пара алып кармалып жатат.
Өлкөдө Садыр Жапаров менен Камчы Ташиев экөө эле иштеп жаткандай, башкалары: "Карап туралычы, эмне кылышат экен, колдорунан кандай жумуш келет экен" дешип сынап карап турушкандай сезилет.
Бир жыл өтүп- өтпөй: пенсия, айлык, пособияларга кошулду. Атамбаев алты жылда пенсияга, айлыкка, тем более пособияга бир тыйын кошкон эмес.
Бакиев 100% кошкон бойдон, мына азыр Садыр Жапаров кошуп жатат. Көр болуп калбайлы, болуп турган ишти көрмөксөн болобуз деп. Кудайдан коркуп калыс сөз сүйлөйлү.
Мадумаров окшогон колунан эч нерсе келбеген вечный оппозиция керекпи бизге? Мадумаровдун куру сайраганынан, Текебаевдин бузукулугунан курсагыбыз тоюп калбайт го.
Мадумаров парламентке барса, аксакал саясатчы катары тартип орнотуп, жаңы депутаттарга жол көрсөтөт, ынтымак орнотот деп үмүт кылдык эле. Ал болсо, бара салып депутаттарды Ташиевге кайрап жатат. Андан көрө Кадырбековго: "үке, парламент залын, бирге олтурган коллегаларыңды, бизди көрүп турган бүткүл элди сыйласаң, сессия убагында баш кийимиңди чечип олтур" деп маданиятка чакырыш керек эле.
Казакстанга жоокер жөнөтпөй койуу, бул өз элибизге кылган душмандык болчу. Ал эми Мадумаров ошол Кадырбеков деген чаламолдо тупицанын сөзүн сүйлөп, аны Ташиевге карай тукуруп жатты. Демек, Мадумаровду парламенттен чыгарып салуу керек. Кылган кылмышын мойну менен тартсын, парламентте бузукулук кылбай. Биз өзүбүз шайлаган депутаттарды сыйлашты үйрөнөлү. Аларга ат койбойлу. Жакшы нерселерди үмүт кылалы.
Садыр Жапаров "Кумтөрдү" өзүбүзгө алып берип да жакпады, кээ бир акмактарга.
Азыр биз президенттик башкаруудабыз. Президент өлкөгө катуу тартип орнотуусу заарыл. Шалак ооз, тизгини жок ала өпкөлөрдү камап чара корбөсө болбой калды. Бул кетиште, дагы бир төнкөрүштүн үстүнөн чыгабыз. Түрмөгө түшкөндү жакшы көрүшүп жаткандар көбөйүп кетти. Андайлардын максатын ишке ашырып, ошол жерге бир киргизип чыгарыш керек, Калмаматов окшотуп.
Калмаматов жаңы келген келиндей болуп чыкты го ошол жерден.
Азыркы бийликке асылгандар оппозиция эмес, кыргыз элинин душмандары.
Туура, биз деле булардын кемчилдигин, кээде туура эмес сүйлөп алгандарын койгондорун байкап жатабыз. Бирок бул нерселер иш жүрүп жатканынан кабар берет. Иш кылбаган адамдын кемчилдиги жок болот.
Биз өзүбүз тандаган бул бийликти жоготуп, же болбосо жугундукорлорго алдырып койгонго акыбыз жок.
Бир жолу кашайып, бир сонун иштеп жаткан Бакиевдей лидерди кор кылдырып катуу жаңылганбыз. Бул сапар андай болбойт. Эки азамат, эки дос Кудай буюрса 30 жыл өлкө башкарышат, Кудайым ден соолук берип турса", - деп жазды.