УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө жооп катары өз чындыгын соцтармактагы баракчасына жазды:

"Урматтуу эл - журт!

"Темиров Live" аттуу сайттын мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп! Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да ушундай болот, бул менин турмуштук терең позициям! Каалагандай комиссия түзүп барып текшерсеңер өзүңүздөр ынанасыздар! Ошондуктан, мени каралап, жалаа жабууга аракет кылганыңар жөн эле убаракерчилик. Мен өзүмө ишенемин жана эли - журтум, мамлекетим үчүн аягына чейин таза, пайдалуу гана иш жасаймын.

Ал эми КНГ жана КПК ишканалары боюнча маалымат билдирип коеюн:

 1.КНГ ишканасы 2020—-564 мл сом,ал эми 2021—2,0 млрд сом киреше тапкан.

 2.КПК (нпз) 2020—40 мл сом чыгым болгон, ал эми 2021—-200 млрд сом киреше тапкан.

Мындай экономикалык көрсөткүч 30 жылдык тарыхыбызда биринчи ирет болуп жатат, себеби коррупциялык элементтердин баары жоюлган.

Ал эми КПКнын 2021 - жылдын башынан бери жетекчи болуп иштеп жаткан Байгазы Матисаков менин жээним болот, атасы жаш кезинен көз жумган, өзүнүн жеке күчү менен Россиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экендигин элдин баары жакшы билет (ичпейт, чекпейт, беш маал намаз окуган, бирөөнүн акысын жебеген, өтө кайрымдуу).

Мамлекетибиз тарабынан коюлган тапшырмалар ашыгы менен аткарылды жана алдыда мамлекет тарабынан мындан да көптөгөн тапшырмалар таза, акыйкат аткарылат деп ойлоймун.

Өздөрү коомго, мамлекетке пайдалуу эч кандай иш аткарышпайт да, иштеген адамдарды көрө албагандар ар түрдүү ушактар менен алектенип келишет.

Урматтуу эл - журт, мен жана менин жакындарым эч качан элден уурдаган эмес жана мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн бүт күч - аракетибизди жумшап  эмгектенип келебиз", - деп жазды Камчыбек Ташиев.