Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 184

- Мамат агай, Адахан Мадумаровду туура эмес суракка алып жатышат, ага кылмыш ишин козгоо туура эмес, ал иштин мөөнөтү өтүп кеткен деп, араачы түшө башташты. Бул боюнча кандай комментарий бересиз?

- Саткандар канча актанса да алардын ким экенин билебиз. Ошон үчүн жоопкерчиликтен кутулуш үчүн түрдүү амалдарды жасашпай эле койсун. Кыргыз жерин баалабаган, Кыргыз мамлекетинин жерин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн саткандарга "срок давности" болбошу керек. Азыркы бийликтин аракетин мен  мамлекетибизде  мыйзам, Конституция  иштесин, кыргыз коомунда  мыйзамдын үстөмдүгү орун алсын деген максатта иш кылып жатышат деп түшүнөм. Бузукулар болсо элдин башын чаргытып,  жооптуу адамдарды  эптеп жоопкерчиликтен качыруу, куткарууга далалат жасап жатышат.