Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 311

- Сонунбүбү айым, Өмүрбек Текебаев "Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен. Азыр кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз” - деген оюн айтты. Ошондо  2010-жылкы кандуу окуя боюнча да кылмыш ишин козгоо да мыйзамсызбы?

- Өмүрбек Текебаев жөн сүйлөбөйт. Бардык  жагын ченеп-бычып туруп, анан сүйлөйт. Бул жерде Мадумаровго жан тартып жаткан жери жок. Келечектеги өзүнүн арыгын чаап жатат. Жер саткандарга жана элдин тынчтыгын бузгандарга мыйзам - эл. Кээде анча-мынча мыйзамдан элдин башы бийик турган учур болот. Эгер сенин жасаган ишиңден эл азапка түшүп жаткан болсо, демек, ал иш  үчүн канча жыл болсо да жооп беришиң керек. Аны-муну жооткотуп кутулуп кетем деп ойлобой эле койсун. Чек ара маселесинде  бир кезде кеткен ката үчүн акыры Баткенде кан төгүлдү. Ал эми Ош окуясында да бейкүнөө  адамдар кырылган. Качан адам өмүрү менен  ойногон окуялар болгондо анын эч кандай убактысы жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Болбогон жерден акылдуусунуп, элдин башын чаргытпай жооп беришсин.

2010-жылдагы Ош окуясы  терең изилденбей жабылып, элдин көкшүнү сууп, бугу таркабай  калган. Күнөөлүүлөр табылса деп эл ичинен сызып күтүп келди жана күтүп отурат. Ош окуясында эч кандай күнөөсү жок, митинг, пикетке да чыгыш оюна келбей өз оокаты менен алек болуп жашап жаткан эл кырылган. Бул өлгөндөрдүн жакындарынын ичинде арылгыс арман болуп кала берди. Ошондуктан, күнөөлүүлөр табылып, жазасын алмайынча эл канча убакыт өтсө да унутпайт. Күнөөлүүлөрдүн бети ачылып, жазасын алышы керек. Бул ишке азыркы бийликтин саясий эрки жетет.