Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 718

- Турсунбек агай, Ташиевдин схемасы менен эки күндө 37 миллион тапса болот деген иликтөө Ютуб каналына чыгыптыр.  Ал иликтөөгө ишенсек, жыйынтык чыгарсак  болобу?

- Биринчиден, Ташиев деп айтканда эле көпчүлүк Камчыбекти элестетип алышат экен. “Иликтөөчүлөр” да Камчыбек Ташиевдин сүрөтүн эрикпей бат-бат көрсөтүп туруп алышыптыр. Бирок Камчыбек иним УКМКнын төрагалыгына келгенден бери мыйзамга ылайыктуу бардык кызматтардан кетти го?

Камчыбектин бир тууган иниси бир да суроодон качпай болгонун болгондой ачык жана канааттандырарлык  жооп берип жатпайбы! Эгер жашыра турган болсо жашырып, суроолорго түз жооптон качмак.

Эң негизи нефтини кайра иштетүүчү завод карыздан кутулуп, киреше берүүнү баштаптыр. Аны президент Садыр Жапаров да белгилеп кетти жана заводдун ийгилигин жаңы жетекчи келгенден бери уурулук токтогону менен байланыштырды. Жакшы иштеген адамдын ийгиликтерин көрө албагандардын саны дайыма көбөйгөнүн баарыбыз жакшы билебиз.

Иликтөөчүнүн бир сунушу жакты: “Мазутту ортомчусуз  Өзбекстандагы партнёруна завод өзү жеткирип турса болбойбу?” дегени. Ушул демилгени жетекчилик ойлонуп көрсө болгудай.