Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 192

Фейсбуктун Бермет Биримкулова аттуу колдонуучусу билдирүү жазды:

- Текебаев: “Мадумаровдун кылмышына 13 жыл өтүп кетти, мыйзам боюнча 10 жылдан кийин жоопко тартканга жол берилбейт, бийлик Мадумаровду саясий куугунтук кылып атат”, - деп сүйлөдү. Бул экөө 30 жылдан бери бири-бирин колдоп үзөңгүлөш болгон саясатчылар. Экөөнүн тең күнөөлөрү ат көтөргүс. Бирөө июнь окуясы боюнча, экинчиси жер сатканы боюнча сөзсүз жооп бериши керек. “Кылган кылмышына 10 жыл өтүп кеткенден кийин жооп бербейт” деп мыйзам жазып алган дагы экөө. Көрсө, ошол мыйзамды жазып жатканда ушул кылмыштарынан кутулуш үчүн жазышкан экен да куу түлкүлөр. Эгер логикага таянсак, анда депутат же министр болуп келип алып каалаган жерди сатып, анан качып кетип, чет өлкөдө 10 жыл жашынып жүрүп кайра келсең соттолбойт экенсиң да. Мыйзамың менен кара жерге кир. Бирок Текебаев айткан 13 жыл өтүп кетти дегени Мадумаровдун жооп берүүсүнө тоскоол болбойт. Анткени бул иштин мөөнөтү бүтө элек. Бүгүнкү күнгө чейин Төрт көчө маселеси бүтө элек да. Эгер бүткөн болсо анда айтса болот эле. 2009-жылдан бери жыл сайын ошол жерде чыр чыгат. Уланып эле келе жатат. Былтыр керек болсо согуш да чыгып кетти. Анан Текебаев кайсы мөөнөттү өтүп кетти деп айтып атат? Текебаев менен Мадумаров, элди алдабагыла!