Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 187

- Калдарбек агай, "Ташиевдин схемасы менен эки күндө 37 миллион тапса болот" деген иликтөө жарык көрдү. Ал иликтөөгө ишенсек болобу же алар бир жактуу маалыматтарды берип, элдин колдоосуна ээ болгон Ташиевди жаманатты кылууну көздөп жатабы?
- Бир кызык жагдай...иликтөө жана анын жар кылынышы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын башына кара булуттар топтоло баштаганда, айттырбай  обону аралап этпедиби, мурда - кийин деле эмес. Эмнегедир мындай учурларга иликтөөчүлөр да, аны камсыз кылып даярдаткандардын да  дароо пайда боло калганында. Иликтөөчүлөрдүн айткандарын  ушу тапта маалымат катары да, факт катары да кабыл алууга болбойт,  сыягы. Негедир бир жактуу көчөнү элестетип кетти. Башынан аягына чейин эле нуктун кимге карай агып жатканын, кимдин башын жулуп алуу керектигин  айттырбай билесиң. Демек, мына ошондой буйрутма берилгендиги айдан ачык. Балким ушул тапта да дагы бир иликтөөчү кайсыл бирде Жапаровдун түбүнөн катуу казып жаткандыр. Мүмкүн.
Эмне үчүн мына ушундай, сыртынан караганда мыкты эле көрүнгөн иликтөөлөргө ишенүүгө болбойт деген тыянакка келүүгө  кириптер болуудабыз. Анткени, бизде ар кандай иликтөөлөр саясий буйрутманын негизинде, ким бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн ким бирөөнү жыгыта саюуга багышталып келет. Ошол дарт өнөкөткө айланып деле кетти. Эсиңерсе салсак, "Раим миллиондун" артынан (“Азаттык” өзү АКШнын мамдепартаментинин тукуруусу боюнча) кандай гана иликтөөлөр жүрүп, кандай гана  котур таштар ыргытылбады. Бирок жарымы жалган жарымы чын дегендей, ооздорун таш капты го акыры... Жариманы төлөдү да... жанагы айтылгандарды эмес, башка күнөөнү мойнуна алды, экинчи тарап  фактыларын далилдей албай отуруп калышты. Канчалаган убакыт кеткен иликтөөнүн соңу не болду? Атаңын гана башы болду.

Ошо сымал ар кандай иликтөөлөр болгону иликтөөлөр эле. Анын жүзүн, салмагын, максатын  теерең иликтебей  туруп, бүтүмгө чыбык уруу апендичилик. Чындыктын туу чокусу бизбиз, акпыз дегенден коркуу керек. Эгерде көрсөтүлгөн  маалыматтар чыныгы фактыга айланса, анда аны тергөөгө берип, Ташиевдин жакындарынын жана өзүнүн жүзүн ачсын... Ютубга чыгып алып урдурта берүү менен коомдук пикирди түзүү жана кайсыл бир шылтоо менен элдик толкундоолорду жакындатуу жараянына бата берип ийүүгө баратышкан жокпу деген собол да жаралбай койбойт. Анткени, бүгүн расмий бийликти ачык эле талашып, "мен президент болом" дегендер ачык, эле Ютубдан, Фейсбуктан билдирүү таратып жатышат. Демек, ошондой бир күч бар. Түз айтып жатышпайбы. Анын үстүнө казактардагы ызы-чуудан кийин ошол күч сырын жашыра да албай калгансыды...  Жазга чейин Жапаров менен Ташиевдин ортосуна от жагып, жарака кетирүү  маселеси орчундуу аларга. Кылдан кыйкым табууга жанын сабап жатышкандыктарына өбөлгөнү да бүгүнкү ачык саясат, маалыматтардын жашырылбай берилиши түзгөнүн унутпайлы.  
Ошон үчүн тергөөдөн чочушса, кур дооматтарыбыз суу  кечпей калып дегендей, эксперттик  топ аркылуу деле кара кылды как жарып алса болот. Бирок менин терең ишенимимде, тергөө аталыктары бул ишке кирип кетсе, экинчи тарап андан баш тартышып, биз тергөөгө ишенбейбиз деген аргументтерин көтөрүп чыгат. Анткени, аларга мына ошондой көрсөтмө берилген. Башкысы, каршылаш тарап  таза иштөө менен мыкты жыйынтыкты жаратуу жомок дегенди канына сиңирип алган. Алар эч нерсеге ишенишпей, кала берсе өздөрүнө өздөрү деле... Бир кезде бизге берген бир маегинде “мен президенттин жоокеримин” деп айткандай, алар деле ким бирөөнүн жоокери... Балким мына ушундай тариздеги  өзүмүн жеке пикирими деле буйрутма, кошоматчылык деп аташып чыгар. Мүмкүн. Ошон үчүн окемдер “кругом вода, вода и вода” дешет да...