- Каныбек агай, Акылбек Жапаровдун Министрлер Кабинетин жетектегенине 100 күн болуптур. Айрымдар убакыт бериш керек десе, кээ бирөөлөр иштен алыш керек дешүүдө. Акылбек Жапаровдун 100 күндүк ишине кандай баа бересиз?
- 100 күн деген убакыт мерчеми бийликтегилер үчүн эң маанилүү жана алгачкы барьер болуп калбадыбы. Мен 2022-жылга түзүлгөн жана 21-декабрда мурдагы парламент тарабынан кабыл алынган өлкөнүн бюджетинен бир - эки мисал келтирейин. Бул жылдагы бюджеттин жалпы кирешеси мамлекеттик инвестициянын гранттарын кошкондо 282,1 млрд сом менен бекиптир. Өткөн жылга салыштырмалуу киреше 63,2%га өсүптүр, б.а. 109,2 млрд сомго көп! Бул өтө эле амбициялуу бюджет болуп турат. Муну сунуш кылган А. Жапаровдун кабинетинин жүрөгү тоодой экен. Башка маселе муну эми кандай аткарышат? Ал эми бул жылдагы чыгаша болсо, 291,2 млрд сом деп турат. Дефицит 9,1 млрд сом. Анан дагы баардык ресурстарды өзүнө камтыган, консолидациялашкан бюджетти сунуш кылып жатышат. Анысы 403,9 млрд сомго жетиптир! Мындай карасаң абдан чоң прогресс. Анткени, 30 млрддык дефицит менен деле мурдагы бийлик ай чапчып мактанып атпады беле? Эми булар 2024-жылы толук профицитке чыгабыз деп жатышат. Эң сонун! Буюрсун баарыбызга! Кеп эми ушунун баарын реалдуу түрдө аткара алышабы? Же дагы бир шылтоо менен бул кабинетти жыга чабышып, сонуркап башкаларын алып келип алышып дагы нөлдөн башташабы? Кеп ушунда! Акылбек Жапаровдун кабинетин көкөлөтө мактагандан алысмын. Түйшүктүү проблемалар ого эле көп. Бирок менимче жан алакетке түшүп эле иштеп киришти. Биринчи эле биздин экономикага зор таасири бар "Кумтөр" кенинин бюджетке болгон салымы сезилээрлик болуп жатат. Бул анын оң жагы.
Салык Кодексин жаңыдан сунуш кылышты. Эл дүрбөп эле жатып калды. Азырынча көбү эмоция менен эле комментарий кылып жатышат. Анткени, бул документке ылайык салык органдары күчөтүлгөн режимде ишти башташты. Графиктер "каардуу" түзүлүп, "Бирдиктүү терезелер", ишкерлерди тейлөө борборлору түнкү саат 23.00гө чейин иштеп башташты! Анысы аз келгенсип, 28-январга чейин ар бир салык төлөөчү өзү тандаган салык режимин каттоодон өткөрүп алуусу зарыл. Демек катуу тартип киргизилди. Тамашанын баары бүттү. Эми баш көтөрбөй иштеш гана керек! Бул дагы кабинеттин оң жагы. Чакан ишкердикке бериле турган нөлдүк ставка дагы дурус. ККМ ди колдонгондор үчүн ишкерлердин чыгашаларын азайтуу дагы мактоого татыйт. Өндүрүштүн локомотиви болгон инвестиция саясатын 100%дык мамлекеттик үлүшкө ээ болгон "Кыргызиндустрия" мекемеси тейлейт экен. Муну аксатпай алып кете турган команда жана өндүрүштү мыкты билген жетекчи керек. Кабинеттин макроэкономиканы оң жолго коюп, сабаттуу фискалдык саясатты жүргүзгөн аракеттеринен улам, кошумча 30 млрд сом акча түшкөнү эң эле сонун. Анын 19 млрд сому социалдык муктаждыктарга сарпталыптыр. 7 млрд сом коргоо согуштук техникаларын алганга жумшалган. Салык жана бажы мекемелери пландарын ашыкча аткарышкан. Ушул көрсөткүчтөр Акылбек Жапаровдун кабинетинин оң жактары деп кабыл алсак болот.
Албетте, бул оң көрсөткүчтөр президент Садыр Жапаровдун чечкиндүү ишмердиктери менен байланыштуу. Бирок эйфорияга малынып алып, бийге түшүп жашагыдай акыбал жок. Кымбатчылык, жакырчылык элди дагы деле кекиртектеп турат. Алдыда зор чакырыктар жана кыйынчылыктар бар. Эң башкысы коомубуз стабилдүү жана биримдиктүү болуп бериши абзел!