Ээхх Нураке… Даанышмандыгыңыз, көрөгөчтүгүңүз, лидерлигиңиз бар Элбасы элеңиз. Кадырыңыз, урмат-сыйыңыз менен бийликтен кетип, буга чейин топтогон мартабаңызды сактап калсаңыз болбойт беле…
Ачкөздүктүн, тойбостуктун, бийлик кумарынын, өзүңүз кетсеңиз да сөзүңүз кетпеген кош бийликтин курмандыгы болдуңуз. Бийлик кумары акылманды да акылдан адаштырып, көзүн май бастырып салат тура, чиркиндики…
Арийне, сиздин мындай жол менен бийликтен кетишиңиз бийликти колдон чыгаргылары келбеген башка өлкө лидерлерине, анын ичинде биздикилерге да чо-оң сабак болушу керек! Сиздин тагдырыңыз «бийликтен маалында кетпесең, сени кетиришет» дегенди аксиомадай эле айгинеледи.
Мирлан Дүйшөнбаев