"Кечээ түнү адамзат тарыхында чанда болуучу катачылык орун алды. Бул ОДКБ өлкө башчыларынын Казакстанга тынчтык орнотуу үчүн аскер киргизүүгө макул болушкандыгы болду. Биз, кыргыздар, бир да кыргыз жоокерин коңшу, бир тууган өлкөгө киргизүүгө макул болбошубуз керек! Бул маселе эбегейсиз чоң масштабдагы трагедияга айланып кетиши мүмкүн..." - деп жазды саясатчы Бектур Асанов соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөдөгү абалды жайгаштыруу үчүн ЖККУдан аскер жиберүүнү өтүнгөнүн ачыктаган. Айрым маалыматтарга караганда, президенттин өтүнүчү менен Россия жана Белорусиянын тынчтык орнотуучу аскерлери жакынкы арада казак жергесине кирет.