Казакстанда бир нече күндөн бери митинг болууда. Эл газдын баасы 1 -январдан тартып 120 теңгеге кымбаттаганына нааразы болушкан. Учурда коңшу мамлекет өзгөчө кырдаал киргизди. Митингди токтотуу үчүн өкмөт отставкага кетти. Бирок бул деле чыңалган абалды тынчыта албай жатат. Эмилбек Каптагаев Казакстандагы митингдин артында Россия турушу мүмкүн деп эсептейт.
- Орусиянын акыркы мезгилдеги Казакстанга карай жасап жаткан кысымдары менен азыркы болуп жаткан толкундоолордун башталышынын ортосунда кандайдыр бир ички байланыш барбы деген шек жаралбай койбойт го дейм... Анын үстүнө орус тилдүү "эксперттер" дароо эле Американын "колун" дагы көрө калып жатышпайбы... көзү ачыктык кылышып... Казакстандын алсырап калышы кимге кызык? Америкага эмес го дейм... Казактар канчалык күчтүү, көз карандысыз болсо, аларга ошончолук жакшы да. Алсыраган, чөгөлөгөн Казакстан азыр Москвага эле керек, бул дагы учурдун чындыгы, - дейт Каптагаев.