Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 288

Депутат Нурлан Шакиев Талант Мамытовдун парламент спикерлигине талапкерлигин коюп жатканын жактырган жок. 

"Акыркы жылдары парламенттин репутациясы плинтустан да ылдый түштү. Парламентке эмне деп гана ат коюшкан жок, театрга айланды: ушак, сатира баары ушунда болду. Бул жогорку трибуна эмнеге жогорку болбой калганына мурдагы спикерлер күнөөлүү. Сиздер спикер болгон кезде Жогорку Кеңештин кадыр-баркы ылдыйлап, президенттин администрациясына бардык укугун берип койгон. Бул силердин жоопкерчилигиңердеги нерсе. Аягына чейин туруп, укугуңарды бербешиңер керек болчу", - деди Шакиев. 

Ал Мадумаров жана Текебаев спикер болуп турганда парламенттин деңгээли бийик болгонун белгиледи. 

Ошондой эле, ал президенттин администрациясында иштегендердин айлыгы 1-ноябрдан тартып 2-3 эсеге көбөйгөнүн, ал эми парламент кызматкерлериникине бир сом да кошулбаганын билдирди.