Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандын аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Эске салсак, ал буга чейин да өлкө аталышын Кыргыз Эли же Кыргыз Каганаты кылып өзгөртүүнү демилгелеп келген. 

Ал Кыргызстан же Кыргыз Республикасы деп аталганда башка тилдер аралашып кетет деп эсептейт. Айтымында, "стан" деген сөз фарсы тилинен алынган, ал эми "республика" грек сөзү. 

Ошондуктан, депутат өлкө аталышын өзгөртүү керек дейт.