Талант Мамытов кайра мурдагы ордуна барды. Ал бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарынын тандоосу менен кайрадан спикер болду.
Добуш берүүгө 87 депутат катышкан. Анын 63ү Мамытовду колдосо, Адахан Мадумаровго болгону он депутат добуш берген. Ал эми баарына каршы -14 депутат.