Жаңы жылды утурлап президент С. Жапаров Министрлер кабинети менен биргеликте отчеттук чоң жыйын өткөрдү. Анда 2021-жылдагы аткарылган иштер, ишке ашырылган долбоорлор, алдыда кылына тургандар боюнча маалымат берди. Жалпысынан өлкө башчысы өкмөттүн мүчөлөрүнүн  иш-аракеттерин  оң баалап, өзүнүн  шайлоо алдындагы берген убадаларын аткара алганын билдирди.

Буга байланыштуу 24.kg маалымат агенттиги атайын сурамжылоо жүргүзүп, анда жарандардын президенттин жана өкмөттүн ишине берген бааларын аныктады.

Сурамжылоонун жыйынтыгында С. Жапаровдун ишин  суралгандардын 42,04 %ы (4 миң 704 адам) канааттандырарлык эмес деп бааларын берсе, 38,89 %ы (4 миң 352 адам) эң жакшы иштеди деп баа беришкен. Ал эми эми 1 миң 116 адам жакшы деп бааласа, 1 миң 16 адам канааттандырарлык эмес деп айтышкан.

Албетте, жалпы элдин бир уучунун баа берүүсү жалпы элдин пикирин билдирет дегендикке жатпайт. Ошентсе да бул сурамжылоонун жыйынтыгы өлкө башындагыларга коңгуроо болушу керек. Ал эми калыстык үчүн айта кетсек, президент С. Жапаров 2021-жылы өзүнүн чечкиндүүлүгүн, жигердүүлүгүн жана батылдыгын көрсөттү. Алдыга чоң максат, пландарды койду, эми жаңы жылда белгиленген максат, милдеттер ишке ашырылып, өтөөсүнө чыгарылса, жаман болмок эмес.