Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 104

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы ишмердүүлүгүнүн биринчи күнүндө эле регламентти бузганын депутат Адахан Мадумаров айтып чыкты. 

Ал биринчи жыйын депутаттар ант бергенден кийин жабылышы керектигин белгиледи. 

"Биз азыр эле Конституцияны сактайбыз деп ант бердик. Регламент боюнча биринчи жыйын ант бергенден кийин жабылышы керек. Акыркы жылдагы кандай болсо ошондой болсун дегенге көнүп алдык. Андай болбойт. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элекпиз, фракция түзүлө элек, бирин бири тааныбаган депутаттар да бар. Фракцияны түзүү чечими жана фракция курамынын төраганы көрсөтүүсү кат жүзүндө берилиши керек", - деп эски депутат жаңыларга акыл үйрөттү. 

Депутат Шарапаткан Мажитова жыйынды жапты, бирок эл өкүлдөрү бүгүн эле кайрадан экинчи жыйынды өткөрүүнү айтышты.