Бирөөнүн акысын жеп кетүү, алган карызды убагында кайрып бербөө- ислам дининде эң чоң күнөөлөрдөн деп эсептелет. Ошондуктан маркумдун жаназасын окур алдында сөөк коюуга келгендерден анын кимге карыз экени суралат. Кудайдан чындап жөө качкандар эле болбосо, ар кандай ыймандуу пенде бирөөдөн алган карызын убагында кайрып бергенге аракет кылат. Мүмкүнчүлүгү болуп туруп антпегендерди кудай безери, кудайдан жөө качкан, жан сатар катары эсептешет.

Мурдагы 6-чакырылыштагы парламентке бир нече жыл спикер болуп, 7-чакырылыштагы парламентке да төрага болгусу келип, күндөп-түндөп жүгүрүп жүргөн Талант Мамытовду мына ошондой кудай безерилердин бири десе болот. Анткени, ал бир канча жыл мурда Бакытбек  Сыдыковдон ири өлчөмдө карызга акча алып, аны 5 жылдан ашык убакыт бою кайрып бербей коюп, анан сот мажбурлап өндүрүү жөнүндө чечим чыгарса да бир бөлүгүн ушул убакка чейин кайрып бербей жүргөндүгү маалым. Же анын карызын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жокпу? Бар. Бирок, атайылап бербей жүргөн жана бербей жүрөт.

Спикерлик Президенттен кийин эң жогорку кызмат. Ал жерге аброю бийик, абийири тоодогу кардай таза, ыймандуу, акылдуу, билимдүү жана тажрыйбалуу адам шайлануусу зарыл. Антпесе парламентке көө сыйпагандай болуп калат. Тилекке каршы, аны жакшы түшүнбөстөн парламенттин айрым жаңы шайланган мүчөлөрүнүн анын чачпагын көтөрө чуркап жүргөндөрү  өкүндүрөт. Талант Мамытовдун бийлигинен пайдаланып, БШКнын чечимин күн карама соттор аркылуу кантип жокко чыгарганы, анан кантип депутат болгону да эсибизде. Эңсегени депутаттык мандат болсо, аны алды.  Эми   ошого шүгүр кылып катардагы депутат болуп жүрө берсе деле болмок. Бирок мыйзамдарды буздуруп жатып парламенттин эшигинен араң киргендигин эске албастан эми төр меники болуш керек деп жулкунуп жатпайбы. Оргу-баргы кыялы, участкалык милиционердин деңгээлинде билими, даярдыгы бар немеден андан башканы күтүүгө деле болбойт. Анткени, адамдын парасаты канчалык чектелүү болсо, ал өзүн ошончолук билимдүү, акылдуу деп ойлойт. Карга деле өзүн кыраан куш катары эсептейт. Бирок, бир мандаттуу округдардан шайлангандар, парттизме аркылуу келгендер алабармандын дагы спикер болуусуна жол бербөөлөрү керек. Ал кызмат парламенттин гана эмес, жалпы өлкөнүн жүзү болуп саналат. Биздин жүзүбүз-кудай безердин жүзү болбошу керек!