Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 1-сессиясы 23-декабарда болот. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Салтка ылайык, ар бир чакырылыштын биринчи сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат ачат. 7-чакырылыштын эң улуу депутаты "Ынтымак" партиясынан шайланган Шарапаткан Мажитова болду. Аял-депутаттын сессияны ачышы Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу болуп жатат.
Андан кийин депутаттар спикер, вице-спикерди шайлашат жана ЖК түзүмүн бекитишет.
Белгилүү болгондой, спикерлик орунга үч талапкер бар. Алар: Нурлан Шакиев, Талант Мамытов, Улукбек Ормонов.