Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар ​​билдирди.

Өздүк булактын маалыматына ылайык, экс-президенттен “Кумтөр” боюнча бардык шектенүүлөр алынып, тергөө “Кумтөр” кениндеги инвесторлор менен келишим түзүүдөн акча жана жеке пайда алган эмес деген бүтүм чыгарган.

“Аскар Акаев Кыргызстанга каалаган убакта ээн-эркин келе алат”, — деп кошумчалады булак.

Аскар Акаев Кыргызстанга 2005-жылдан бери биринчи жолу ушул жылдын август айында келген. Ал Кумтөр иши боюнча УКМКда көрсөтмө берди. Экинчи ирет ал Бишкекке өткөн аптада келген.

Булак: reporter.kg