Мурдагы президент Аскар Акаевдин экинчи жолу Кыргызстанга келиши коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Экс-депутат Рамазан Дырылдаев Акаев мамлекет башчысы болуп турганда Кыргыз мамлекетине каршы жасаган иштери үчүн жооп бериши керек деп эсептейт. 

- Аскар Акаев качан камалат? Же бул сапар да жоопко тартылбай кетип калабы? Эмне үчүн?! Бийлик башында турганда 2 тонна алтынды Бирштейндин учагына салып, Швейцарияга контрабандалык жол менен ташыганы кылмыш эмеспи?! 

"Кумтөрдү" өткөрөм деп легендарлуу парламенттин депутаттарын учакта кармап, келтирбей койгону кылмыш эмеспи?! 

Конституцияда жок болсо да референдум жарыялап, анан "Кумтөрдү" каалагандай калчаганы кылмыш эмеспи?! 

Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" 67 пайыз үлүшүн 33 пайызга жеткирип, "Центерранын" пайдасына оодарганы кылмыш эмеспи?! 

"Кумтөрдү" каалагандай иштетип, экологияны бузганы, миллиарддаган зыян келтиргени кыргыз эл-жерине жасаган чыккынчылыгы эмеспи?! 

1997-жылы Барскоон суусуна төгүлгөн цианид канча деген жергиликтүү калкка орду толгус зыянын тийгизди, бул Акаевдин кылмышы эмеспи?!  

Акылбек Жапаров "Кумтөрдөн" ар бир президент үлүшүн алып турганын айтууда, анын баары тергелип, мурдагы президенттердин моюнуна коюлуп, тийиштүү жоопкерчиликке тартылышы керек! 

Эмне үчүн "Кумтөргө" байланышкан иш боюнча канча премьер-министр, депутаттар камалды да, а эң башкы күнөөлүү Акаев ушул убакка чейин камалбайт?! Тийиштүү кызматтын жетекчилери, ушул суроого жооп бергиле?! Кыргыз эли азыркыдай абалга туш келишине башкы күнөөкөр - Аскар Акаев! Анткени, эгемендүүлү тарыхыбыздын алгачкы 15 жыл жылында, чечүүчү мезгилдерде мамлекеттик деңгээлдеги чечимдердин баары ушул кишинин жеке чечими менен болгон. Кадр тандоо, кызматка коюу бүт Акаевдин каалоосу менен жасалды!